• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калифорниядагы жер титирөөдөн улам космостон байкалуучу жарака пайда болду

Дүйнө 0

Бишкек, 09.07.19. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Мурунку жума күнү Американын Калифорния штатында очогунда күчү 7,1 баллга жеткен жер титирөө катталган. Ал жерге космостон байкалуучу жарака пайда болгонун SFGATE басылмасы билдирет.

Маалыматка ылайык, жер титирөөнүн очогунан бир аз алыс эмес жерде жарака пайда болгон. Planet Labs компаниясынын спутнигинен жаракалар байкалган.

Мындан улам учурда жол жабылып, оңдоп-түзөө иштери жүрүп жатат.

Жер титирөө мурунку жума күнү Калифорниянын түштүгүндө жергиликтүү убакыт боюнча 3:19да катталган. Ал Калифорнияда бир жума ичинде болгон экинчи ири жер титирөө. Кырсыктын негизинде 200 миң киши жарыгы жок калышкан. Мурунку бейшемби күнү Риджкрест шаарынан 18 километр алыстыкта очогунда күчү 6,6 баллга жеткен жер титирөө катталган.

Пикир

Оставить комментарий