• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Атасынын сөзүн бөлүп, элди күлдүргөн эки жашар бала – видео

Дүйнө 0


Бишкек, 09.01.19. /Кабар/. Калифорниянын жаңы губернатору Гэвин Ньюсомдун эки жашар уулу атасы инаугурациялык сөзүн сүйлөп жатканда сахнага чыгып, атасынын сөзүн бөлүп элдин назарын бурду.

Сахнага чыга келген баласын атасы колуна алып сөзүн улаган. Аны карап турган эл күлкүсүн кармай алган эмес.

Атасы аны жерге койгондо, ал сахнадан түшпөй, апасы чакырганга болбой атасына качып туруп алган. Качан гана ал өзү сахнадан түшкөндөн кийин апасы аны алып кеткен.

Пикир

Оставить комментарий