• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калилов: Кытай жолдордун курулушу жана ремонт иштери үчүн КРге дээрлик 1 млрд. доллар насыя берди

Коом 0

Бишкек, 22.05.18. /Кабар/. Кытай жолдордун курулушу жана оңдоп-түзөө иштери үчүн Кыргызстанга дээрлик 1 млрд. АКШ долларын берди. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйында транспорт жана жолдор министри Жамшитбек Калилов билдирди.

Анын айтымында, бул каражаттын баары насыя түрүндө келген. “Ошол насыяларга ылайык, жол курулуштары мөөнөт менен жүрүүдө”, - деп билдирип, каражаттар министрлик аркылуу эле эмес жалпы келгенин белгиледи.

Жалпысынан эгемендүүлүк жылдарда Кыргызстан ар кандай эл аралык институттардан жолдордун курулушуна жана оңдоп-түзөө иштерине 2,5 млрд. доллар насыя жана гранттарды алган. Анын ичинде Кытай, Азия банкы, Бүткүл дүйнөлүк банк жана башка эл аралык каржы институттары бар.

Мындан тышкары, министр белгилегендей, Кытай Бишкектин жолдорунун курулушуна жана оңдоп-түзөө иштерине 1 млрд. юань грант бөлгөн.

“Учурда Бишкектин көпчүлүк көчөлөрүндө оңдоп-түзөө иштери ушул каражат менен бүткөрүлүп жатканын көрүп жатабыз”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий