• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калк үчүн электр энергиясынын жана ысык суунун тарифи өзгөрүүсүз калат

Коом 0

Бишкек, 01.10.21. /Кабар/. 2021-2025-жылдарга электр энергиясына жана ысык сууга орто мөөнөттүү тариф саясаты бекитилди. Тиешелүү чечимге КР министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов кол койду, деп билдирди министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Азиз Аалиев өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында.

Анын айтымында, кабыл алынган Орто мөөнөттүү тариф саясатына ылайык, калк үчүн электр энергиясын 700 кВт/саатка чейин колдонууда 0,77 сом, 700 кВт/сааттан ашса 2,16 сом деңгээлинде калат.

“Бийик тоолуу жана жетүүгө кыйын аймактарда жашаган керектөөчүлөр үчүн электр энергиясын колдонуу нормасы жокко чыгарылды, башкача айтканда 0,77 сом кВт / саат тарифи чектөөсүз иштейт. Социалдык балдар мекемелери, электр транспорту, диний уюмдар үчүн өзүнчө тарифтер 1 кВтс үчүн 168 тыйын деңгээлинде өзүнчө тариф белгиленет (салыктарды эске албаганда). Муну менен катар социалдык балдар мекемелери жана электр транспорту үчүн жогорулоо 10 тыйын же 6,3%ды түзөт, ал эми диний уюмдар үчүн тариф 56 тыйынга төмөндөтүлөт”, - деди чиновник.

Анын маалыматы боюнча, тарифтерди жогорулатуу төмөнкүлөргө гана тийиштүү:

- насостук станциялары, алар үчүн тариф кВт/сааты 1,09 сомго барабар (салыкты эсепке албаган) болуп, 31,6 тыйынга жогорулады;

- бюджеттик, өнөр жай, айыл чарба жана башка керектөөчүлөр үчүн тариф кВт/сааты 2,52 сомго (салыктарды эсепке албаганда) барабар болуп, 28 тыйынга кымбаттады;

- коммерциялык түзүмдөгү (тоо-кен ишканалары, алтын казуу компаниялары, куюу заводдору, спирт өндүрүшү, цемент заводдору) энергия сыйымдуу керектөөчүлөр үчүн жогорулатуучу коэффициенттер колдонулат.

Ал кийинки жылдары терифтер инфляциянын деңгээлин эске алуу менен өзгөртүлөрүн белгиледи.

“Алынган каражаттар жабдууларды жаңыртууга, трансформатордук көмөкчордондорду орнотууга, электр линияларын курууга жана генерациялык кубаттуулукту жогорулатууга жумшалат”, - деди ал.

Ошондой эле Аалиев 2021-жылы калк үчүн жылуулукка тарифтер өзгөртүлбөй турганын жана 1134,76сом /Гкал өлчөмүндө каларын белгиледи.

“Кийинки жылытуу мезгилинен тарта калк үчүн тарифтер 10% га өсөт (орточо эсеп менен 1 бөлмөлүү батирди жылытуу үчүн төлөмдүн айырмасы айына болжол менен 82 сомду же жылытуу мезгилине 410 сомду түзөт)", - деди Аалиев.

Ошондой эле ал 2021-жылы калк үчүн ысык сууга тарифтер өзгөрүлбөй турганын жана 981,76 сом/Гкал өлчөмүндө каларын белгиледи.

“Кийинки жылдан тартып калк үчүн ысык сууга тарифтер 14%га көтөрүлөт. Орточо алганда, бир кишиге ысык суу үчүн төлөмдүн айырмасы айына 34,5 сом / м3 түзөт. Бул бир нече жыл ичинде ысык суу менен камсыздоонун наркынын деңгээлине жетүүгө мүмкүндүк берет жана жылуулук тармактарын алмаштырууну жана реконструкциялоону, жылуулук пункттарын модернизациялоону, жаңы абоненттерди кошууну камсыздайт”, - деди Аалиев.

Пикир

Оставить комментарий