• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калк үчүн көмүр октябрь айынан баштап ташыла баштайт — “Кыргызкөмүр”

Коом 0

Бишкек, 13.09.21. /Кабар/. Калк үчүн көмүр октябрь айынан баштап ташыла баштайт. Мындай чечимди “Кыргызкөмүр” мамлекеттик мекемесинин директору Мирлан Жакыпов кабыл алганын мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

Чечим тоо-кен тармагында иштеген инженер, адистер менен жүргөн сүйлөшүүлөрдөн кийин кабыл алынган.

“Жакынкы 10-15 күндө аба ырайы ачык болгондуктан Кара-Кечеде иш токтоосуз уланат. Анда күнүнө өлкөнүн түндүк регонуна 10 миң тонна көмүр жеткизип турса болот”, - деп айтылат маалыматта.

Ал эми Бишкек ЖЭБине көмүр ташуу графикке ылайык жүрүүдө.

Пикир

Оставить комментарий