• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Калк үчүн мобилдүү клиникалардын бардык кызматтары акысыз болот – министр

Ден соолук 0

Бишкек, 05.05.21. /Кабар/. Саламаттык сактоо жана социалдык өнүктүрүү министри Алымкадыр Бейшеналиев Ислам өнүктүрүү банкы Кыргызстанга берген мультидиагностикалык клиникалар тууралуу айтып берди.

Анын айтымында, 2021-жылы Араб эмираттары менен Кыргызстанга мобилдүү клиникалар түрүндө жардам берүү тууралуу келишимге кол коюлган. Ошондон бери 7 жыл аралыгында бир дагы аракет болгон эмес. “Күздө мен Түркияга барганда аталган келишимди толук бүткөргөнбүз, ошентип 5 ай аралыгында алар клиникаларды жыйнашты. Бүгүн минтип клиникаларды берүү аземи өтүп жатат. “Фаедь Хайр” программасында беш жыл аралыгында бардык медикаменттер, кызматкерлердин эмгек акысы Ислам өнүктүрүү банкынын эсебинен жүргүзүлөрү айтылган. Калкты тейлөө акысыз болот”,-деди министр.

Бул мобилдүү клиникалар министрдин айтымында, зарыл болгон бардык аппараттар менен жабдылган жана бардык оорулар боюнча текшерүү жүргүзүп, диогностика коюлат. Мында компьютердик томография, рентген, маммография, гастроскопия жана башкалар бар. Мындан тышкары, бул клиникаларда операция да жасоого болот. Бардык кызматтар акысыз жүргүзүлөт.

“Негизинен аталган клиникалар тоолуу аймактарда иштетилет. Келишимге ылайык, медицина кызматкерлеринин жарымы жергиликтүү, жарымы чет өлкөлүктөрдөн турат. Алардын жалпы баасы – 10,5 млн дллар”,-деди Бейшеналиев.

Мобилдүү клиникалар Ford маркасындагы оор жүк ташуучу унааларга орнотулган 5 бөлүктөн (5 трейлер) турат.

Мобилдүү клиника компьютердик томография, УЗИ аппараттары, маммограф, рентген аппараты, гастроскоп, колоноскоп, офтальмоскоп, риноскоп, эхокардиограф, биохимиялык жана башка анализдер үчүн лабораториялык жабдуулар сыяктуу заманбап медициналык жабдыктар менен камсыздалган. Ошондой эле офтальмологиялык операцияларды жүргүзүүгө болот.

Трейлер менен бирге бейтаптарды ташуу үчүн кичи автобус жана медициналык тез жардам унаасы берилди.

Пикир

Оставить комментарий