• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калк карантинге олуттуу мамиле жасабай жатат - Акматова

COVID - 19 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Калк биздин чөктөөлөргө кош көңүл мамиле жасап, карантинди толук турдө сактабай жатат. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлигинин коомдук саламаттык сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында билдирди.

“Өзүңүздөр массалык маалымат каражаттарынан көрүп жаткандай кытайлыктар коронавирустук инфекция менен күрөшүүдө эң негизгиси изоляцияга көңүл буруп, карантинди так аткарышкан. Ошондуктан Кытайда бул эпидемиянын тарашы бат токтоду”,- деди ал.

Өзүңүздөргө маалым болгондой, азыркы убакта бардык массалык иш-чараларга тыюу салынган, ЖОЖдор, мектептер, бала бакчалар каникулга чыгарылган. Суранып кетүүчү нерсе колуңуздардан келишинче карантинди так сактасаңыздар. Конокко тууган-достордукуна барбооңуздарды суранат элек”,- дейт Айнура Акматова

Анын айтымында, бардык жарандар карантинди, гигиенаны сактаса бул илдетти жеңүү жеңил болот.

Белгилей кетсек, буга чейин республика боюнча COVID-2019 илдетин жугузгандардын саны 14гө (6 эркек, 8 аял) жеткени айтылган. Баткен облусу – 1 адам, Сузак району – 8 адам, Ноокат району – 3 адам жана Бишкек шаарында – 2 адам. Бейтаптардын жаш курактары 25 жаштан 80 жашка чейинкилер, бардыгы тиешелүү дарылануудан өтүүдө. Бейтаптар менен байланышта болгондордун саны – 2 миң 628 адам.

Республика боюнча өзгөчө кырдаалдар режими киргизилген.

Пикир

Оставить комментарий