• 88.84
  • 95.29
  • 0.96

Калканбай Ашымбаевдин китебинин бет ачары болот

Маданият 0

Бишкек, 22.06.18. /Кабар/. Кыргыз Эл жазуучусу, Эл агартуунун отличниги Калканбай Ашымбаевдин “Асыл ойлор антологиясы” китебинин бет ачары болот. Иш-чара 2018-жылдын 25-июнунда саат 10:00дө КР Улуттук илимдер академиясында болот.

Жазуучунун кезектеги “Асыл ойлор антологиясы” чыгармасынын өзөгүн кыргыз адабиятынын философиялык жаатындагы притча, афоризм, санат, терме сөздөргө жык толгон асыл ойлор түзөт. Китептин баш сөзүн филология илимдеринин доктору, профессор Лайли Үкүбаева жазган. Эмгектин мазумуну “Даанышмандык дарс”, “Мамбеталынын айтканы”, “Кадимден калган сөз - карыда”, “Жети акелердин мурастары” деген бөлүктөрдөн турат. Буга чейин автордун жыйырмадан ашык роман, повесттери, беш жүздөн ашык очерк, публицистика, фельетон жанрындагы көркөм чыгармалары жарык көргөн.

Иш-чарага КР УИАнын окумуштуулары, КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясынын өкүлдөрү, Жазуучулар союзунун мүчөлөрү, акын-жазуучулар жана автордун чыгармаларына кызыккан окурмандары катышат.

Пикир

Оставить комментарий