• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады

Коом 0

Бишкек, 28.11.19. /Кабар/. Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы аяктады. Бул тууралуу "Кабарда" өткөн маалымат жыйынында Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо боюнча борборунун директору Акжол Калбеков билдирди.

Анын айтуусунда, юристтер бул жылы республика боюнча 5 миң 400гө жакын адамга жардам көрсөтүшкөн. Анын ичинен: Ош облусунда - 700 адамдан ашуун, Баткен - 300, Талас - 300, Ысык-Көл - 500, Нарын - 800, Жалал-Абад - 1 миң, Бишкек жана Чүй облусунда - 1 миң 600 адам.

"Маалым болгондой, декада өлкөнүн баардык аймагында өткөрүлдү. Мындай өңүттөгү кеп-кеңештер акысыз негизде ар дайым өткөрүлүп келет", - деп билдирди Калбеков.

Ал кошумчалагандай, жарандар негизинен жөлөкпул, пенсия, үй-бүлөлүк маселелер, мүлктү бөлүштүрүү, алимент төлөө сыяктуу маселелер боюнча кеңеш сурап кайрылышкан.

Пикир

Оставить комментарий