• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Калкка акысыз укуктук жардам көрсөтүү декадасы старт алды

Коом 0


Бишкек, 06.12.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Бүгүн, 6-декабрда, Кыргызстанда калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү декадасы старт алды. Бул тууралуу “Кабар” агенттигиндеги маалымат жыйынында юстиция министринин орун басары Орозбек Сыдыков билдирди.

Нет описания.

Анын айтымында, декаданы өткөрүүнүн негизги максаты калкка укуктук жардам көрсөтүү, калктын аялуу тобунун укуктук корголуусунун деңгээлин жогорулатуу, калкты укуктук агартуу, сот адилеттигине жетүүнү камсыз кылуу, жарандардын укуктарын, эркиндиктерин жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын ишке ашырууга көмөк көрсөтүү болуп саналат.

“Декада ошондой эле жыл сайын 10-декабрда белгиленүүчү адам укуктарынын эл аралык күнүнө арналган. Декаданы өткөрүүнүн алкагында бүт өлкө боюнча калкка акысыз консультациялык-укуктук жардамды мамлекет кепилдеген юридикалык жардам системасынын координаторлору жана адвокаттары, юстиция органдарынын кызматкерлери, аймактык юстиция башкармалыктарынын алдындагы калкка акысыз консультациялык-укуктук жардам көрсөтүү боюнча борборлордун кызматкерлери, мамлекеттик нотариустар көрсөтүшөт”, - дейт ал.

Сыдыков белгилегендей, декадада социалдык, үй-бүлөлүк жана башка маселелер боюнча башка мамлекеттик органдардын кызматкерлери катышат.

“Мындан сырткары, Юстиция министрлигинин 1-кабатында да укуктук борбор ачылат. Жарандар 6-декабрдан тартып 15-декабрга чейин саат 10:00дөн 16:00гө чейин акысыз жардам көрсөтүү борборлоруна кайрыла алат”, - деп айтты ал.

Мамлекет кепилдеген юридикалык жардамды координациялоо борборунун директору Акжол Калбеков декаданын алкагында жарандарга акысыз укуктук жардам берүү системасы тууралуу тийиштүү маалымат берүү экендигин белгилейт.

“Бир топ иш-чаралар пландалган. Алсак, конкурстар, лекциялар өтөт. Юридикалык жардамды чет өлкөлүк жарандар, качкындар, жарандыгы жоктор дагы ала алат. Ошондой эле керектигине жараша акысыз адвокаттар менен дагы камсыз боло алат. Иш-чарага Юстиция министрлининин бардык ведомство, мекемелери тартылат. Министрдин өзү дагы катышуусу күтүлүүдө” - деди ал.

Калбеков учурда 34 акысыз юридикалык жардам берүү борбору иштеп жатканын, жакында дагы 10 борбор ачыларын кошумчалап кетти.

Пикир

Оставить комментарий