• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” Мыйзамга ɵзгɵртүүлɵр киргизилди

Президент 0

Бишкек, 16.01.18 /Кабар/. Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбеков “Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ɵзгɵртүүлɵрдү киргизүү тууралуу” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына кол койду. Бул тууралуу президенттин аппаратынын маалыматтык саясат бөлүмү билдирди.

Мыйзам Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши тарабынан 2017-жылдын 30-ноябрында кабыл алынган.

Мыйзамга киргизилген өзгөртүүлөр мыйзамдардагы карама-каршылыктарды четтетүү жана зилдеме жаңы шишиктерден жабыр тарткан адамдарга атайын адистиктеги медициналык жана социалдык жардам кɵрсɵтүү чөйрөсүндөгү Өкмөттүн ыйгарым укуктарын аныктоо жана тактоо максатында кабыл алынган.

Тактап айтканда, кабыл алынган Мыйзам менен «Калкка онкологиялык жардам кɵрсɵтүү жɵнүндɵ» Мыйзамынын бир топ ченемдерине редакциялык мүнɵздɵгү, тактоо иретиндеги ɵзгɵртүүлɵр киргизилген.

Ошондой эле Мыйзам менен Кыргыз Республикасындагы онкологиялык жардамдын субъекттери такталып, онкологиялык ооруларды азайтууга багытталган иш-чараларды каржылоо булактары - милдетүү медициналык камсыздандыруу каражатарынан жүргүзүү тууралуу ченем менен толукталган.

Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

Пикир

Оставить комментарий