• 89.51
  • 97.5
  • 0.97

Дыйкандарга жеңилдетилген шартта дээрлик 4,5 млрд сом насыя берилди - Чодуев

Коом 0

Бишкек, 07.08.20. /Кабар/. Бүгүнкү күнгө карата дыйкандарга жеңилдетилген шартта дээрлик 4,5 млрд сом насыя берилди. Бул тууралуу бүгүн өкмөт үйүндө өткөн маалымат жыйынында айыл чарба, тамак-аш өнөр жайы жана мелиорация министри Эркинбек Чодуев билдирди.

Анын айтымында, пандемия шартында "Айыл чарбасын каржылоо - 8" долбоору уюшкандыкта өтүүдө. Анын алкагында бүгүнкү күнгө карата калкка жеңилдетилген шартта 4 млрд 453 млн сомдон ашуун насыя берилди.

“Мындан сырткары, Айыл чарба министрлиги донор уюмдар менен иш алып барып, анын алкагында өзгөчө абал киргизилген Ат-Башы, Кара-Суу, Ноокат жана Сузак райондорунун дыйкандарына үч түрдүү жеңилдетилген насыяларды гранттык түрдө берген. Алар - үрөн, күйүүчү-майлоочу майлар жана минералдык жер семирткичтер”, - деп кошумчалады министр.

Пикир

Оставить комментарий