• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү онлайн кызматтар тууралуу маалымат

Коом 0

Бишкек, 05.01.21. /Кабар/. Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин басма сөз кызматынан жумуш издеген жумушсуз жарандар жана иш берүүчүлөр үчүн калкты иш менен камсыз кылуу чөйрөсүндөгү онлайн кызматтар тууралуу маалымат беришти.

Жумуш издөөчү катары катталууга электрондук арызды кантип тапшырса болот?

Жумуш издөөчү катары катталуу үчүн http://zanyatost.kg/ веб-сайтындагы жумушсуздардын жеке кабинети аркылуу онлайн кайрылууну тапшыра аласыз. Онлайн-арыз натыйжалуу, ачык-айкын жана жумушка орноштурууга көмөк көрсөтүү кызматтарына жеткиликтүү болуш үчүн иштелип чыккан.

Сайт ден-соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелген адамдар үчүн ылайыкташтырылган жана мобилдик версиясы бар.

Ошондой эле жумушсуздардын жеке кабинети аркылуу райондордо бош орундар жөнүндө,Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин катталган аймактык бөлүмүндө акысыз курстардын жана онлайн кеңештердин бар экендиги жөнүндө маалымат алууга болот.

http://zanyatost.kg/ сайтынан кандай маалымат алса болот?

http://zanyatost.kg/ сайты социалдык тармактын колдонуучуларынын кеңири аудиториясына арналган:

- жумуш издеп жүргөн жарандарга жумушка орноштуруу кызматы тарабынан көрсөтүлүүчү кызматтар;

- жумушка орноштуруу кызматы тарабынан жумуш берүүчүлөргө көрсөтүлүүчү кызматтар (иш берүүчү портал аркылуу жумушка орноштуруу үчүн бош орун жибере алат);

- жумушка орноштуруу жаатында жөнгө салынуучу ченемдик укуктук актылар;

- Кыргыз Республикасындагы бош орундар;

- Кыргыз Республикасынын эмгек рыногу жана аймактар боюнча өзүнчө статистикасы;

- жумушсуздук боюнча жөлөкпулду эсептөө үчүн электрондук калькулятор;

- иштин ар кандай чөйрөлөрүндө кызыкчылыктарды жана компетенттүүлүктү аныктоо үчүн кесиптик багыттоо тесттери;

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрү жүргүзгөн иш-чаралар;

- Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнүн байланыш маалыматтары.

Иш берүүчүлөр бош орундарын бул порталга жайгаштыруу үчүн Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин аймактык бөлүмдөрүнө өткөрүп берүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Министрликтин аймактык бөлүмүндө катталган жумушсуз адамдын макулдугу менен резюмени порталга жайгаштырууга болот.

Кантип онлайн режиминде жумушсуздардын расмий статусу жөнүндө маалымдама алса болот?

Мамлекеттик электрондук кызмат көрсөтүүлөр порталы аркылуу “Иш кагаздар” блогунда электрондук колтамга ээ болгон Кыргыз Республикасынын жарандары жумушсуздардын абалы жөнүндө маалымдаган онлайн маалымдама ала алышат.

Пикир

Оставить комментарий