• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калкты каттоо: Чүй районунун жана Токмок шаарынын 15% каттоодон өттү

Коом 0

Бишкек, 27.03.19. /Кабар/. Мамлекеттик мааниге ээ болгон - калкты жана турак жайды кайра каттоо иш-чарасын жүргүзүү үчүн өлкөдө активдүү иштер жүрүүдө. Бул тууралуу Улуттук статистика комитетинин басма сөз кыматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 2020-жылы өтө турган калкты каттоо кампаниясына даярданууда негизги иш-чаралардын бири болгон пилоттук каттоо жүрүүдө.

Үстүбүздөгү жылдын 25-мартында саат 18:00дө Чүй районунда жана Токмок шаарында калкты каттоо пилоттук түрдө башталып, 2 күндүн ичинде калктын 15% каттоодон өткөн.

Пикир

Оставить комментарий