• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калкты каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда

Өкмөт 0

Бишкек, 11.07.18. /Кабар/. Калкты жана турак-жай фондун каттоого алууну 2020-жылдын 23-мартынан 1-апрелине дейре өткөрүү пландаштырылууда. Бул туурасында бүгүн, 11-июлда, Кыргыз Республикасынын биринчи вице-премьер-министри Кубатбек Бороновдун төрагалыгы астында өткөн Калкты жана турак-жай фондун 2020-жылы каттоого алуу боюнча республикалык комиссиянын алгачкы жыйынында белгилүү болду. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов белгилегендей, калкты жана турак-жай фондун каттоого алуу – мамлекеттик маанидеги иш-чара.

«Каттоо жүргүзүү белгилүү социалдык, демографиялык жана экономикалык сапаттары боюнча өлкө аймагында жашап жаткан калктын расмий эсебин алууга мүмкүндүк берет. Ошондуктан бул иш-чарага тыкыр даярдык көрүү абдан маанилүү. Калкты каттоого алууну сапаттуу жүргүзүү мамлекеттин жалпы тармагынын бардык аспектилерине өз таасирини тийгизет. Калктын санын аныктоо ресубликанын демографиялык саясатын жана социалдык-экономикалык программасын иштеп чыгууга мүмкүндүк берет. Алсак, ал эмгек миграциясынын абалын тактоого, зарыл болгон жерлерде билим берүү, медициналык мекемелерди жана өнөр жай объектилерин курууга мүмкүндүк берет», - деди ал.

Улуттук статистикалык комитеттин төрагасы Акылбек Султанов Республикалык комиссиянын мүчөлөрүнө калкты жана турак-жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүү тууралуу маалымат берди.

«2019-жылы Чүй облусунун аймагында тутумду тестирлөө үчүн сынамык катоону жүргүзүү пландаштырылууда. Тартылган кызматкерлердин жалпы саны 25 миңге жакын адамды түзөт, ал эми тестирлөө процессине 500 жакын адам тартылат. Калкты каттоого алуунун жаңылыгы катары каттоо программасына эмгек миграциясын мүнөздөгөн суроолордун моделдик блогунун, туруктуу өнүгүү максаттарынын көрсөткүчтөрүн түзүү үчүн суроолордун киргизилиши саналат, ошондой эле биз мүмкүнчүлүгү чектелген жактардын такталган саны туралуу маалымат алабыз», - деди ал.

Алдын-ала маалыматтар боюнча, 2018-жылдан 2020-жылга дейре жалпы кампанияны өткөрүүгө 547,5 млн сом керектелет. Көрсөтүлгөн каражаттын көпчүлүк бөлүгү, же 62%ы кызматкерлердин – каттоого алуучулардын, регистраторлордун, инструкторлордун айлык акысына керектелет.

Белгилей кетсек, маанилүү маселелердин бири катары каржылоо маселеси эсептелет. Муну эске алуу менен, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине 2019-жылга карата республикалык бюджетте жана 2020-2021-жылдарга болжолунда калкты жана турак-жай фондун каттоого алууга даярдык көрүү жана аны өткөрүүгө кошумча финансылык каражат кароосу тапшырылды.

Пикир

Оставить комментарий