• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калкты мобилдүү тейлөө борборлору жер-жерлерде III ДКОдо чет өлкөлүк жарандарды каттоодон өткөрөт

ДКО 2018 0

Бишкек, 28.08.18. /Кабар/. III Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарын өткөрүү мезгилинде 2018-жылдын 1-сентярынан тартып 9-сентябрына чейин Ысык-Көл облусунда, Кырчын жайлоосунда жана Чолпон-Ата шаарындагы ипподромунда эки Калкты мобилдүү тейлөө борбору (КТБ) чет өлкөлүк жарандарды каттоо боюнча көчмө кабыл алууну жүзөгө ашырмакчы. Бул тууралуу КР Мамлекеттик каттоо кызматынын басма сөз кызматы билдирет.

Аталган иш-чара III ДКОнун чет өлкөлүк коноктору үчүн мамлекеттик каттоо кызматтарынын жеткиликтүүлүгү жана ыңгайлуулуктарды камсыздоо максаттарында демилгеленген.

Каттоодон өтүү үчүн чет өлкөлүк жарандар төмөнкүлөрдү берүүгө тийиш:

• белгиленген формадагы кат (өтүнүч кат);

• чет өлкөлүк жарандын инсандыгын тастыктоочу паспорт же аны алмаштыруучу документ;

• мамлекеттик алымдын төлөнгөндүгү жөнүндө дүмүрчөк.

Кененирээк маалыматты МККнын 119 колл-борборунан алууга болот. Чалуу акысыз.

КРнын мыйзамдарына ылайык, чет өлкөлүк жарандар өлкөгө келгенден кийин 5 күндөн кийин каттоодон өтүүгө тийиш.

Чет өлкөлүк жарандарды каттоо үчүн зарыл болуучу документтер тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган:

Алардын жарандары каттоодон бошотулган чет мамлекеттердин тизмеги төмөнкү шилтеме боюнча жайгаштырылган.

Пикир

Оставить комментарий