• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Алтынай Өмүрбекова Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча Координациялык кеңешинин кезектеги жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу КР өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирет.

Белгилүү болгондой, 2017-жылы Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга карата калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу аяктады. Бул программанын артыкчылыктуу багыттары катары - оор жашоо шарттарындагы балдарды жана үй-бүлөлөрдү социалдык коргоо, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендерди социалдык коргоо, ошондой эле аларды коомго натыйжалуу интеграциялоо максатында аларга жеткиликтүү жашоо чөйрөсүн түзүү аныкталды.

Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Жылдыз Полотова Кыргыз Республикасынын калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар Планын аткаруунун жыйынтыктары тууралуу маалымдады.

Вице-премьер-министр балдар жана жатак үйлөрүнүн бүтүрүүчүлөрүн интернаттан кийинки коштоо маселесин чечүүдө тутумдуу мамиленин жоктугуна өзгөчө басым жасады. Ал жатак түрүндөгү балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн турак жай менен камсыздоо маселесин чечүү иштерин күчтөндүрүү зарылдыгын белгиледи.

Ошондой эле Координациялык кеңештин буга чейинки жыйындарынын протоколдорунун тапшырмалары, бул багыттагы Өкмөттүн чечимдери тиешелүү түрдө аткарылбай жатканы тууралуу маселе көтөрүлдү.

Отурумдун жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын 2015-2017-жылдарга карата калкты социалдык коргоону өнүктүрүү Программасын ишке ашыруудагы Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин жетишсиз иши көрсөтүлдү.

Соңунда вице-премьер-министр бир катар тапшырмаларды берип, анын ичинде Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн Аппаратына мампрограмманы тийиштүү түрдө аткарбаган жооптуу аткаруучуларга карата чара көрүү жөнүндө маалымат берүүнү тапшырды.

Пикир

Оставить комментарий