• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйыны өттү

Өкмөт 0

Бишкек, 19.06.19. /Кабар/. Вице-премьер-министр Алтынай Өмүрбекова 2019-жылга карата Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча координациялык кеңештин жыйынын өткөрдү. Бул тууралуу өкмөттүн аппаратынны маалымттык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Негизги багыттар катары оор жашоо шартындагы балдар жана үй-бүлөлөрдү, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарды социалдык коргоо, ошондой эле аларды коомго натыйжалуу аралаштыруу максатында алар үчүн жеткиликтүү жашоо чөйрөсүн түзүү, инклюзивдик билим берүү тутумун жакшыртуу жана балдар үйлөрүнүн жана интернаттардын бүтүрүүчүлөрүн колдоо аныкталды.

Алтынай Өмүрбекова белгилегендей, Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн оор турмуш шартына кабылган балдар жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча өкүлдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан аларды социалдык коштоо боюнча айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө токтому кабыл алынган.

Вице-премьер-министр эске салгандай, КР Улуттук статистика комитетинин Көп көрсөткүчтөр боюнча кластердик текшерүү отчетунда көрсөтүлгөндөй, «8 жашка чейинки куракты камтыган эрте балалык курактагы баланын когнитивдик, социалдык, эмоционалдык жана дене түзүлүштүк өнүгүүсү үчүн чечүүчү мааниге ээ».

«Кенже курактагы балдарды оптималдуу өнүктүрүү үчүн өбөлгөлөөчү тарбия чөйрөсү, китеп жана окуу материалдарынын жеткиликтүү болуусу, тийиштүү тамактануу, ошондой эле коопсуздук жана коргоо талап кылынат. Жакырлык, саламаттыктын начардыгы, көңүл бурбагандык жана эксплуатация, жетишсиз камкордук сыяктуу көп сандаган тобокелдик факторлорго туш болгон балдар өздөрүнүн өнүгүү потенциалын ача алышпайт. Отчетко ылайык, Кыргыз Республикасында жайсыз үй-бүлөлөрдүн беш жашка чейинки балдарында өнүгүүдөн артта калуу байкалат. Ошондуктан мамлекет жашоо шарты оор балдарга жана үй-бүлөлөргө социалдык жана комплекстүү колдоо чараларына өзгөчө көңүл буруусу зарыл», – деди ал.

Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министринин орун басары Ализа Солтонбекова Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн оор турмуш шартына кабылган балдар жана үй-бүлөлөрдү аныктоо боюнча өкүлдөө жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан айрым мамлекеттик ыйгарым укуктарды ишке ашыруу жөнүндө токтомун аткаруу тууралуу маалымат берди.

Ализа Солтонбекова жыйындын катышуучуларына жатак мектеп түрүндөгү балдар мекемелеринин бүтүрүүчүлөрүн колдоо жана алардын турак жай маселелерин чечүү чаралары тууралуу маалымдап, бул маселе боюнча бир катар жагдайлар бар экендигин белгиледи.

Андан соң Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жетим балдарга мамлекеттик төлөмдөрдү чегерүү жана анын сакталышы, жатак мектептердин бүтүрүүчүлөрүн коомго реинтеграциялоо тууралуу маалымат берди.

Вице-премьер-министр балдар үйлөрүнүн жана жатак мектептердин бүтүрүүчүлөрүн интернаттан кийинки коштоону, жетим балдарга мамлекеттик төлөмдөрдүн сакталышы боюнча чараларды жакшыртуу зарылдыгына басым жасады.

Алтынай Өмүрбекова «Кыргыз Республикасынын Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине караштуу адистештирилген турак жайды пайдалануу тартиби жөнүндө Жобону бекитүү жөнүндө» токтомдун долбоорун Кыргыз Республикасынын өкмөтүнүн кароосуна киргизүүнү, интернаттык балдар мекемелериндеги, ошондой эле асыроочу үй-бүлө менен жашаган жетим балдарга деген мамлекеттик төлөмдөрдү сактоо жана сарптоо боюнча мониторинг жүргүзүүнү тапшырды.

Жыйындын катышуучулары ошондой эле өзгөчө макамга ээ чектеш калктуу аймактарда жашаган балдарды социалдык коргоону жакшыртуу чараларын карап чыгышты.

Бул маселени чечүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги өзгөчө макамга ээ чектеш аймактарда жашаган бардык балалуу үй-бүлөлөргө керектөөчү каражаттарды, «Үй-бүлөгө көмөк» жөлөкпулдарын 16 жашка чейин баласы бар жарандарга (үй-бүлөлөргө) үй-бүлөлүк кирешесин эсепке албастан эсептөө жана талдоо иштерин жүргүзөт.

Координациялык кеңеш кепилденген минималдык киреше өлчөмүн көбөйтүү жана мыйзамдаштырылбаган жаңы конуштардын жашоочулары үчүн мамлекеттик жөлөкпулдарды алуу процедураларын жөнөкөйлөштүрүү маселелерин карашты.

Мындан тышкары оор турмуш шартына кабылган балдарга жана алардын ата-энелерине ыкчам документ берүү маселеси каралды. Мамлекеттик каттоо кызматынын өкүлү билдиргендей, бул маселенин негизги көйгөйлөрү: балдардын туулгандыгын каттоо үчүн ата-энелердин өздөрүнүн документтеринин жоктугу, буга байланыштуу балдар социалдык кызматтарга «көрүнбөй» калууда. Көбүнесе ата-энелер балдарына документ алып берүүгө кызыкдар эмес жана бул тууралуу ойлонушпайт.

Андан соң Координациялык кеңештин катышуучулары жеке ассистенттин кызматын колдонуучулардын категориясын туруктуу кам көрүүгө муктаж ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелгендер менен кеңейтүү жана кошумча каражаттарды бөлүү, инклюзивдик билим берүүнү киргизүү жана өнүктүрүү чаралары жөнүндө маселелерди талкуулашты.

Инклюзивдик билим берүүнү киргизүү жана өнүктүрүү үчүн бир катар чараларды ишке ашыруу, анын ичинде жалпы билим берүү уюмдарынын педагогдорунун квалификациясын жогорулатуу Программасы, майыптуулугу бар балдар үчүн күндүзгү калыбына келтирүүчү жана тууралоочу-билим берүү борборлорун түзүү пландаштырылууда.

Ошондой эле БУУнун Балдардын укуктары жөнүндө Конвенциясынын 30 жылдыгына жана Кыргыз Республикасы тарабынан анын ратификацияланышынын 25 жылдыгына карата иш-чаралар планынын долбоору каралды.

Алтынай Өмүрбекова негизги маселелерди талкуулаган соң кошумчалагандай, турмуш шарты оор үй-бүлөлөрдү жана балдарды колдоо боюнча кырдаалды өзгөртүүгө багытталган бир катар механизмдер каралууда, калкты социалдык коргоо жана балдардын укуктарын жакшыртуу үчүн аларды тез арада киргизүү зарыл.

Жыйындын жыйынтыгы боюнча Калкты социалдык коргоо жана балдар укуктары боюнча координациялык кеңештин 2019-жылга карата иш планы келип түшкөн сунуштарды жана сын-пикирлерди эске алуу менен бекитилди.

Вице-премьер-министр ошондой эле бир катар тапшырмаларды берди. Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигине протоколдук тапшырмаларды аткарууга мониторинг жүргүзүүнү жана көзөмөлдөөнү улантуу жана кийинки жыйынга карата протоколдук тапшырмаларды аткаруу тууралуу маселени даярдоо милдеттендирилди.

Пикир

Оставить комментарий