• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Калкты тейлөө борборлорунан никелешүү укугу тууралуу маалымкат алууга болот

Коом 0

Бишкек, 24.07.21. /Кабар/. 2021-жылдын 12-июлунан тартып Кыргызстандын аймагында никеде турбагандыгы тууралуу маалымкатты эми өлкөнүн бардык калкты тейлөө борборлорунда жана аймактык жарандык абалдын актыларын, калкты каттоо жана паспорттоштуруу бөлүмдөрүнүн каалаган бөлүмүнөн алууга болот.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул чечим жарандардын ыңгайлуулугу жана убактысын үнөмдөө максатында кабыл алынды.

Никелешүү укугу тууралуу маалымкат (жаран никеде турабы) Кыргызстандын жарандарына гана берилет.

Маалымкатты кадимки тартипте 14 күндө акысыз алууга болот. Ал эми шашылыш тартипте үч жумуш күндө алса болот, бул учурда банк кызматын эске алуу менен төлөмгө 170 сом.

Маалымкат Кыргыз Республикасынын жараны чет өлкөлөрдө никеге турууну пландаштырып жатканда талап кылынышы мүмкүн.

Ошондой эле кыймылсыз мүлк сатып алуу же сатуу учурунда да кээ бир өлкөлөрдө талап кылынат.

Үй-бүлөлүк статусу жөнүндө маалымкат алуу үчүн жаран ID-карт (паспорт) менен кайрылуусу керек, эгерде өлкөдөн тышкары болсо нотариалдык күбөлөндүрүлгөн ишенимдүү адамы кайрылса болот.

Никелешүү укугу жөнүндө маалымкаттын мөөнөтү 6 айга жарамдуу.

Пикир

Оставить комментарий