• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери #МаскаКийипЖүр флешмобун өткөрүштү

Коом 0

Бишкек, 23.03.20. /Кабар/. Калкты тейлөө борборлорунун кызматкерлери #МаскаКийипЖүр флешмобун өткөрүштү. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.

Чакырыктын максаты – кардарларды жана кызматкерлерди коронавирус инфекциясын жуктуруудан жана жайылышынан коргоо. Алар Калкты тейлөө борборуна келгендерди беткап кийүүгө өтүнүүдө, анын үстүнө бардык борборлор антисептик менен камсыздалып, имараттар дезинфекцияланууда.

Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги жарандарды ден соолугун сактап, өзгөчө кырдаал режиминде кабыл алынган чаралардын алкагында элдин көп чогулушун болтурбоо үчүн Калкты тейлөө борборлоруна өтө зарылчылык болгондо гана кайрылууга чакырат.

“Инфоком” ишканасы кабарлагандай, мамномерлерди өндүрүү жана паспортторду персонификациялоо өз мөөнөтүндө ишке ашырылат, документ ала албайм деп кооптонууга негиз жок. Уюлдук телефонго паспорттун даяр болушу тууралуу смс-билдирүү келет, же болбосо “119” call-борборунан да тактап алса болот (чалуу акысыз).

Пикир

Оставить комментарий