• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Калкты тейлөө борборунда документтерди эки башка оператор карайт - МКК башчысы

Коом 0

Бишкек, 19-июль /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Калкты тейлөө борборундагы операторлор документти кабыл алуу жана алар менен иштей турган болуп экиге бөлүнөт. Бул тууралуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчиси Дастан Догоев маалымат жыйындын жүрүшүндө билдирди.

Анын айтымында, операторлор эч кандай баш тартпастан документтерди (Фронт офис) кабыл алып турушат.

“Андан кийин алар документтерди мамлекеттик кызматкерлерге өткөрүп беришет (Бэг офис). Алар паспорт берүү керектигин чечишет. Эгер паспорт берилбей турган болсо, анын маанилүү себеби болушу шарт. Ал эми Фронт офис менен Бэг офистин операторлорунун ортосунда сүйлөшүп алуулар болбошу үчүн, операторлор анын документин кайсы мамлекеттик кызматкер караарын билбейт. Мындай ыкмалар коррупцияны жоюуга болгон аракеттердин бири болуп эсептелет”,-дейт Догоев.

Ошондой эле, МККнын башчысы операторлор документтерди кабыл алууда же башка кызматтарды көрсөтүүдө жарандарга орой мамиле жасабоого милдеттүү экенин кошумчалады.

“Мындай кызматкерлерге каршы чаралар көрүлөт”,- деп билдирди ал.

Пикир

Оставить комментарий