• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн 270 миң долларга жакын каражат бөлүндү

Коом 0

Бишкек, 02.12.21. /Кабар/. Калктын аялуу катмарына колдоо көрсөтүү үчүн 270 миң долларга жакын каражат бөлүндү. Бул тууралуу Айыл чарба министрлигинин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, COVID-19 пандемиясынын шартында калктын аялуу катмарын колдоо боюнча программанын алкагында мөмө-жемиш көчөттөрүн жеткирүү боюнча иш-чаралар башталды.

"Алма жана өрүк көчөттөрүнүн биринчи партиясы Кара-Кулжа жана Ноокен райондоруна, Балыкчы шаарына жеткирилди. Бул иш-чара КР Айыл чарба министрлигинин алдындагы Токой чарба мамлекеттик агенттиги, Дүйнөлүк банк жана Глобалдык экологиялык фонду тарабынан каржыланган “КРда Токой экосистемаларын интеграциялап башкаруу” долбоорунун алкагында жүргүзүлүүдө", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле 160 миңден ашуун алма, өрүк жана карагат көчөттөрү Ат-Башы, Нарын, Талас, Токтогул, Аксы, Ноокен, Кара-Кулжа, Баткен райондорунун, Балыкчы жана Каракол шаарларындагы 7 миң 717 аз камсыз болгон үй-бүлөгө бөлүштүрүлөт. Отургузуучу көчөттөр орто перспективада киреше алып келе турган булактарын түзүү, коронавирустук инфекциянын жайылышына байланыштуу кризистин кесепеттерин жеңилдетүү болуп саналат.

Сатылып алынган мөмө-жемиш көчөттөрү жогорку түшүмдүүлүгү, суукка жана башка климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугу менен айырмаланат. Ушундай сапаттарга байланыштуу үй-чарбалар бир нече жылдын ичинде биринчи түшүмдү алганга мүмкүнчүлүк түзүлөт. Маселен, өрүк 2-3-жылдын ичинде мөмө берип баштайт, жашына байланыштуу 20 кг тартып 80 кг чейин түшүм бере алат.

Ушул сыяктуу иш-чараларды өткөрүүнүн аркасы менен COVID-19 панедмиясынын учурунда калктын аялуу катмарларынын жашоо шарттарын жакшыртуу, алардын кирешелерин жогорулатуу жана азык-түлүк коопсуздуугун камсыз кылуу багытында бир топ салым кошот.

Калктын аялуу катмарларынын тизмелери 13 пилоттук токой чарбаларынын аймагы менен чектелген 61 айыл өкмөт тарабынан берилген. Негизги критерийлеринин бири чарба же короо жай участогунун болушу болгон. Орточо ар бир үй-чарбага 15 көчөт каралган, ал эми Баткен районунун үч-чарбаларына 59 көчөт каралган. Ат-Башы, Нарын, Талас жана Каракол шаарына отургузуу үчүн көчөттөр жаз айларында жеткирилет.

Эске салсак, жогоруда көрсөтүлгөн долбордун алкагында COVID-19 пандемиясына каршы аракеттерди колдоо үчүн 1,17 млн доллар бөлүнгөн, анын ичинен 270 миң доллар мөмө-жемиш көчөттөрүн сатып алууга каралган.

Пикир

Оставить комментарий