• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калктын аялуу катмарына КРВИ жана тумоого каршы эмдөө мамлекеттин эсебинен жүргүзүлөт - премьер

Ден соолук 0

Бишкек, 05.08.20. /Кабар/. Кыргызстанда ооруну алдын алуу максатында КРВИ жана сасык тумоого каршы массалык эмдөө жүргүзүлөт. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйынында премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Анын айтымында, эмдөө уюшкандыкта жана катуу тартипте жүргүзүлөт.

“Анткени, эгер күзүндө сезондук сасык тумоо жана КРВИ менен кошо коронавирустун экинчи толкуну болсо, эксперттердин пикиринде, калктын ден соолугуна олуттуу зыян келтирилет. Калктын аялуу катмарына, жакыр жашаган үй-бүлөлөргө жана Соцөнүктүрүү министрлигинде каттоодо турган жарандарга эмдөө мамлекеттин эсебинен жасалат. Сентябрда вакцина өлкөгө келет. Эмдөө ыктыярдуу негизде жүргүзүлөт. Ошондой эле акы төлөнүүчү эмдөөнү алууну каалагандар үчүн бардык шарттар жана мүмкүнчүлүктөр түзүлөт”, - деди премьер.

Боронов эмдөөнүн баасы калк үчүн жеткиликтүү болушу керектигин кошумчалады.

Пикир

Оставить комментарий