• 89.01
  • 95.05
  • 0.94

Калктын аярлуу катмарына 8-майга карата берилген жардамдар тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 08.05.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнөн өлкө аймактарында калктын аз камсыз болгон аярлуу катмарына 2020-жылдын 8-майына карата берилген жардамдар тууралуу маалымат беришти.

Бишкек шаары

Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 828,0 тонна ун, 151,5 тонна макарон, 121957 литр өсүмдүк майы, 176,1 тонна күрүч, 160,3 тонна кум шекер, башка азык-түлүк: 12465,2 кг чай, 87752 кг бурчак (горох), 10 543 кг китлап, 448 кг эт, 30 387 коюлтулган сүт, 8126 кг картошка, 372 даана бульон, 200 кг геркулес, 171 кг пиаз, 145 кг печенье, 80 кг конфет, 1447 кг туз берилди.

Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 056 326,53 сом түздү. Жалпысынан 92 755 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 202 аралыктан текшерген термометр, 93016 бет кап, 2925 респиратор, 1220 бет жапкыч, 40058 кол кап, 1270 литр антисептик, 1794 даана көз айнек, 357 даана коргоо костюмдар (көп жолу кийилет), 5374 даана коргоо костюмдар (бир жолу кийилет).

Ош шаары

Шаар боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 342 тонна ун, 64000 кг макарон, 50200 литр өсүмдүк майы, 51800 кг күрүч, 51100 кг кумшекер, 800 кг эт, 45200 кг картошка берилди. Көрсөтүлгөн жардамдардын саны 52 995 түздү.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 8 461,8 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 4,9 тонна хлор, 137 200 даана беткап, 2 700 литр антисептик, 9 000 даана коргоо костюмдары, 32 500 даана кол каптар берилди.

Ош облусу

Азыркы мезгилде аз камсыздыгы боюнча жөлөк пул алгандардын саны облус боюнча 28127 үй-бүлө. Аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жагынан колдоо көрсөтүлүүдө. Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 3 026 тонна 940 кг ун, (анын ичинде КРнын мамлекеттик резервдер фондунан 1325,05 тонна ун , Өзбек Республикасынан 380 тонна ун) 59тонна 492 кг макарон, 134 тонна 748 литр өсүмдүк майы, 62 тонна 537 кг күрүч, 37 тонна 808 кг кумшекер, 8тонна 641 кг эт, 26 тонна 285 кг картошка берилди.

Жалпысынан 101 777 үй-бүлөгө жардам берилди.

Анын ичинен жеке тараптардан 51 238 үй- бүлөгө, материалдык резерв фондунан 36 727 үй-бүлөгө, жергиликтүү бюджеттен 1947 үй-бүлөгө гуманитардык жардам берилди. Республикалык бюджеттен жардамга муктаж үй-бүлөлөргө Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн районуна 8 млн 492 миң сом бөлүнүп, 10 615 үй-бүлөгө, КР Эмгек жана социалдык өнүктүрүү министрлигинин атайын эсебинен Ноокат районуна 1 000 000 (бир миллион) сом бөлүнүп, 1250 үй-бүлөгө ( ар бири 800 сомдук) азык-түлүк баштыгы жасалып , жалпысы 11 865 үй- бүлөгө таркатылды.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12 т 360 кг хлор, 235 898 даана беткап, 3 245 литр антисептик, 4586 даана коргоо костюм, 380 080 даана кол каптар, 8 тепловизор, 1 концентратор, 15 дезинфекциялоочу аппарат берилди.

Чүй облусу

Чүй облусу боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары азык-түлүк азыктарынан: 1173,369 тонна ун, 115752,9 кг макарон, 109062 литр өсүмдүк майы, 78604,1 кг күрүч, 314730 кг кумшекер, 4073 кг эт, 30561 кг картошкө, пияз, сабиз мындан тышкары 6935 кг горох, 10105 пачка чай таркатылды. Мындан тышкары финансылык жардамдардын жалпы суммасы 366000,0 (үч жүз алтымыш алты миң) сомду түздү.

Жалпысынан 57862 үй-бүлөгө ар түрдүү жардам көрсөтүлдү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө: 38275,0 кг хлор, 162920 даана маска жана распираторлор, 3965 даана коргоо костюмдары, 71266 даана кол кап, 963 даана атайын көз айнек, 8595,5литр антисептиктер, 103 даана тепловизор/термометр жана 16763 даана башка медициналык каражаттар таркатылды.

Жалал-Абад облусу

Жалал-Абад областы боюнча жардамга муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 3145,43 тонна ун, 105396 кг макарон, 139269 литр өсүмдүк майы, 97150 кг күрүч, 38731 кг кумшекер, 4024,8 кг эт, 83102 кг картошка берилди.

Жалпысынан 89083 үй-бүлөгө жардам берилди. Областа чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 23971305 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 38 тонна 267 кг хлор, 351931 даана беткап, 9462 литр антисептик, 5227 даана коргоо костюмдары, 52927 даана кол каптар, 1030 даана термометр берилди.

Мындан сырткары, областын аймагында коронавирус илдетинин кесепетинен жардамга муктаж 8813 үй-бүлөгө жергиликтүү бюджеттен 9749745 сом акча каражаты сарпталды. Кыргыз Республикасынын эмгек жана социалдык өнүгүү министрлигинин атайын эсебинен Сузак районундагы 2500, Жалал-Абад шаарындагы 1250 жардамга муктаж үй-бүлөлөргө азык-түлүк пакеттери жасалып, таркатылды. Ала-Бука районунда “Ала-Бука ынтымагы” коому тарабынан Ала-Бука, 1-май, Э.Балтагулов жана Өрүктү айылдык аймактарынын аз камсыз болгон 51 үй-бүлөгө 100500 сом акча каражаты накталай түрүндө таратылды. Ак-Там айыл аймагынын чет өлкөдө эмгектенген жеке ишкер тарабынан 55, “Нур телеком” компаниясы тарабынан 30 аз камсыз болгон үй-бүлөгө азык-түлүк таркатылып берилди.

Баткен облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 1344,7 тонна ун, 40658 кг макарон, 52615 литр өсүмдүк майы, 28403 кг күрүч, 21376 кг кумшекер, 1493 кг эт, 5792 кг картошка берилди.

Жалпысынан 27529 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн 154 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6,5 тонна хлор, 93577 даана беткап, 1885,5 л антисептик, 1967 даана коргоо костюмдары, 12276 даана кол каптар берилди.

Ысык-Көл облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 651 тонна 830 кг ун, 99 тонна 490 кг макарон, 85 тонна 627 литр өсүмдүк майы, 31 тонна 906 кг күрүч, 38 тонна 430кг кумшекер, 1692,5 кг эт, 13 тонна 113 кг картошка берилди.

Жалпысынан 33 мин 379 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 12716 кг, хлор 118239 даана беткап, 6878 литр антисептик, 4149 даана коргоо костюмдары, 210293 даана кол каптар берилди.

Нарын облусу

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 790 тонна 600 кг ун, 40 тонна 843 кг макарон, 32 861 литр өсүмдүк майы, 18 тонна 248 кг күрүч, 25 тонна 060 кг кумшекер, 3 тонна 115 кг эт, 1 226,8 кг чай жана 276 500 сом акчалай берилди.

Жалпысынан 24 567 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7 тонна 885,5 кг хлор, 119 627 даана беткап, 3 куб 348,8 литр антисептик, 19 279 даана кол каптар берилди.

Талас облусу

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 618,25 тонна ун, 9849 кг макарон, 10368 л өсүмдүк майы, 9845 кг күрүч, 3224 кг кумшекер, 1335 кг эт, 175 даана чай берилди.

Жалпысынан 11 809 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 7 млн 436 миң 735 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 7,8 тонна хлор 84000 даана беткап, 1643 литр антисептик, 865 даана коргоо костюмдары, 5322 даана кол каптар берилди. Сыртта эмгектенген кыргыз мекендештер тарабынан Талас шаарындагы 75 үй-бүлөгө кг 1440 кг ун жана 75 литр суу май, 1 кг макарон жана 1 пачка чай азык –түлүк топтому таркатылып берилди.

Пикир

Оставить комментарий