• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Калктын аярлуу катмарына жардам берүү боюнча иштер жүрүп жатат – Боронов

Коом 0

Бишкек, 30.03.20. /Кабар/. Калктын аярлуу катмарына жардам берүү боюнча иштер жүрүп жатат. Бул тууралуу өкмөт үйүндөгү маалымат жыйында биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов билдирди.

Маалымат жыйында Кыргызстанда учурдагы кырдаалга байланыштуу күнүмдүк жумуш аткарып, оокат кылган адамдар ишсиз калууда, аларга мамлекет кандай көрсөтөт деген суроо жаңырды.

Ал Эмгек жана социалдык өнүгүү министрлиги тарабынан калктын аярлуу катмары деп эсептелген жарандардын тизмеси түзүлгөнүн жана аларга жардам көрсөтүлөрүн айтып өттү.

"Өлкө боюнча аз камсыз болгон үй-бүлөлөр 15 миңге жакын – болжол менен 40 миңге жакын киши. Жумушсуздар – 76 миң киши. Кичи автобустарды ижарага алып иш кылгандар, такси кызматына иштегендер 3 миңден 10 миң адамга жетет. Дордой, Ош жана Аламүдүн базарларында иштеген арабакечтер 1 миңдин тегерегинде. Эмгек биржасында жана жеке курулушта иштегендер 500-1000 адамды түзөт. Ушундай эле башка тармактарда иштеген жарандардын тизмеси даярдалып, бул боюнча иштер жүргүзүлүп жатат. Бул жарандарга да жардам берүү схемасын иштеп чыгып, жардам берүү жолун карайбыз", - деди ал.

Белгилей кетсек, учурда өлкөдө коронавирус жуктургандардын саны 94кө жетти. Алардын ичинен Жалал-Абад облусунда үч адам коронавирустан айыгып чыккан.

2020-жылдын 25-мартынан саат 08.00дөн баштап 15-апрелине саат 08.00гө чейин Бишкек, Ош, Жалал-Абад шаарында, Ноокат жана Кара-Суу, Сузак районунда өзгөчө абал киргизилген.

Мындан улам өзгөчө абал киргизилген шаар жана райондордо 20:00-07:00 сааттар арасы коменданттык саат деп белгиленип, ал убакта көчөдө жүрүүгө тыюу салынды. Ал эми саат 07:00дөн 20:00гө чейин жарандар сыртка үч себеп менен чыга алышат: дүкөндөн азык-түлүк, дарыканадан дары-дармек сатып алуу жана ооруканага баруу үчүн. Сыртка чыкканда жарандардын жанында өздүгүн тастыктоочу документи жана маршруттук кагазы болуш керек.

Пикир

Оставить комментарий