• 89.11
  • 94.62
  • 0.95

Калктын электр энергиясы үчүн карызы 53,6 миллион сомду түздү. “Түндүкэлектр” элди карызынан кутулууга чакырат

Коом 0

Бишкек, 06.08.18. /Кабар/. Бишкек шаарында 1-августка карата калктын электр энергиясына болгон карызы 53,6 миллион сомду түздү. Бул тууралуу “Түндүкэлектр” ишканасынын басма сөз кызматынан билдиришти.

7-августка пландалган дистанциялык электр энергиясын өчүрүүлөргө байланыштуу акционердик коом карызы барларды андан кутулууга чакырат.

Шаар тургундары карыздарын “Мобильник”, “QIWI”, “Quickpay”, “UMAI” төлөө терминалдарынан, ошондой эле "UMAI", “Мобильник” электрондук капчыктары аркылуу, “Айыл банктын” кассаларынан төлөсө болот.

Пикир

Оставить комментарий