• 89.51
  • 96.93
  • 0.97

Калктын финансылык ресурстарга мүмкүндүк алуусу – чакан жана орто бизнести колдоо

Өкмөт 0

Бишкек, 18.11.19. /Кабар/. Калктын финансылык ресурстарга мүмкүндүк алуусу – чакан жана орто бизнести колдоо, аймактарды өнүктүрүү боюнча көрүлгөн мамлекеттик чара болуп саналат. Мындай кадам Кыргыз Республикасынын Президентинин «2019-жылды региондорду өнүктүрүү жана өлкөнү санариптештирүү жылы» деп жарыялаган Жарлыгынын жана 2018-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасын аймактык өнүктүрүү концепциясынын алкагында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү тарабынан жасалды.

Бул милдетти аткаруудагы маанилүү курал катары өлкөнүн насыялык-финансылык институттары саналат. Россия-Кыргыз өнүктүрүү банкы тарабынан каржыланган долбоорлордун суммасы 2019-жылдын 9 айында 4 787,5 млн сомду түздү, бул 2018-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 1,9 эсеге көп. Ошол эле учурда насыялардын 60% өлкөнүн аймактарына жумшалган. «Айыл банк» жана «РСК банк» акционердик коомдору сыяктуу финансы институттары тарабынан берилген каражаттардын 70% ашыгы аймактарды өнүктүрүүгө сарпталган.

Бизнести жана калкты Аймактарды өнүктүрүү фонддорунун каражаттарын үзүрлүү пайдаланууга активдүү тартууга багытталган ченемдик укуктук актыларды иштеп чыгуу жана ишке киргизүү - бул Аймактык долбоорлорду жана инфраструктураны каржылоону мамлекеттик колдоонун олуттуу чарасы катары саналат.

Акыркы 4 жылда Аймактарды өнүктүрүү фонддоруна 1 540,3 млн. сом түшүп, аймактарда 395 долбоор ишке ашырылды. 9 айдын жыйынтыгы менен аталган фонддорго 487 222,2 млн сом түштү. Жакынкы 3 жылда Фонддорго кошумча 1 315,4 млн сом түшүшү күтүлүүдө.

Мындан тышкары аймактарда айыл чарба өндүрүүчүлөрдү мамлекеттик колдоо боюнча иштер дагы ийгиликтүү улантылууда. «Айыл чарбаны каржылоо-7» программасынын негизинде 2019-жылдын 9 айында 9 849 фермерлер 4 903,9 млн сомдук колдоо алышты. Бюджеттин тартыштыгына карабастан, экспортко багыт алган ишканаларды колдоо программасын ишке ашыруу үчүн 2019-жылдын бюджетинде 100,0 млн сом каралган.

Centerra Gold Inc. компаниясынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн ортосундагы стратегиялык макулдашуунун алкагында 2 фонд түзүлгөн. Алардын бири аймактарды өнүктүрүүгө багытталган. Региондордо экспортко багытталган өндүрүштүк жана айыл чарба продукциясын кайра иштетүү боюнча жаңы ишканаларды ачууга өзгөчө көңүл бурулуп жатат.

Биринчи жолу өлкөнүн тарыхында Өкмөт тарабынан ар бир облустун артыкчылыктуу багыттарын каржылоого 2 млрд сом өлчөмүндө каражат бөлүндү. Бүгүнкү күнү Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу долбоорлорду тандоо боюнча сынак комиссиясы 5 жыйын өткөрүп, акыркы 3 жыйында долбоорлор тандалды.

Өткөрүлгөн жыйындардын жыйынтыгы боюнча 90дон ашуун долбоор каралып, анын ичинде 538,3 млн сомдон ашуун суммага 30у жактырылган. Сынак комиссиясынын пикиринде, бул долбоорлор тандоо талаптарына жана критерийлерине жооп беришет. Тандалган долбоорлор толук ишке ашырылган соң жер-жерлерде кошумча 1 451 жаңы жумуш орду түзүлөт.

2

Долбоорлорду кеңири камтуу максатында аймактык сынак комиссиялар түзүлгөн. Бүгүнкү күнү Сынак комиссиясынын кийинки жыйынында кароо үчүн долбоорлорду тандоо уланып жатат.

Пикир

Оставить комментарий