• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калктын ишеним индекси 0,6%га азайган – өкмөт башчы муну мыйзам ченемдүү процесс деп эсептейт

Жогорку Кеңеш 0

Бишкек, 24.04.19. /Кабар/. Калктын ишеним индекси 63,7%ды түзүп, ал 0,6%га азайган. Бул тууралуу өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин отурумунда билдирди.

Анын айтымында, калктын ишеним индексинин азайганы мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Анткени, азыркы өкмөт өзүнүн иши тууралуу көп жар сала бербейт.

"Бүгүн өкмөт коомчулук үчүн ачык. Биринчи күндөн тартып баардык мамлекеттик органдардын иши ачык-айкын болушуна умтулуп, элдин көйгөйлөрүн ыкчам чечүү үчүн болгон аракетти жасадык. Бүгүн да ишибиздеги кемчиликтер тууралуу ачык айтып, жыл ичинде ар түрдүү рангдагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык. Алардын ичинде 6 министр, 13 жетекчи жана 13 аким кызматынан бошотулду. Өкмөттүн ишиндеги оң динамика жалпы мамлекеттик программаларды ишке ашырууда катталды", - деди өкмөт башчы.

Пикир

Оставить комментарий