• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калктын социалдык аярлуу катмарына көрсөтүлүүчү жардам тууралуу маалымат

Өкмөт 0

Бишкек, 10.04.20. /Кабар/. Өкмөттүн аппаратынын маалыматтык касмыздоо бөлүмү Кыргыз Республикасынын аймактарында 2020-жылдын 10-апрелине карата калктын аярлуу катмарына берилген жардамдар тууралуу маалымат берди.

Бишкек шаары:

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүү улантылууда. Бишкек шаары боюнча муктаж үй-бүлөлөргө жардам катары 300,0 тонна ун, 3318 кг макарон,1943 л өсүмдүк майы,1661 кг күрүч,1965 кг кумшекер, 202 кг эт, 997 кг картошка, 5922 пакет азык-түлүк продукциясы берилди. Ал эми, Араб фондусунан,1891 пакет азык-түлүк продукциясы жеке жактардан жардам көрсөтүлдү. Жалпысынан 10 800 үй-бүлөгө жардам берилди. Чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 2 711,0 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө, 20715 даана беткап, 525 л антисептик, 828 даана коргоо костюмдары, 12 050 даана кол каптар берилди.

Ош шаары:

Аймактагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө, карыларга колдоо көрсөтүлүүдө. Тактап айтсак, шаар боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 103 тонна ун, 4000 кг макарон, 5400 л өсүмдүк майы, 1900 кг күрүч, 1500 кг кумшекер, 150 кг эт, 8900 кг картошка берилди. Жардамдар шаардын ишкерлери, курулуш компаниялары, бей өкмөт уюмдары, активдүү жарандар, кайрымдуулук фонддору аркылуу көрсөтүлүп жатат. Жалпысынан 4 331 үй-бүлөгө жардам берилди.

Шаарда чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 10 461,6 миң сомду түздү. КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик материалдык резервдер фонду тарабынан Ош шаарына 130 тонна (2600 кап) ун бөлүнүп, атайын түзүлгөн гуманитардык жардамдарды бөлүштүрүү боюнча комиссиясы тарабынан бөлүштүрүлүүдө.

5-апрелде жардамдын алгачкы партиясы - 50 тонна ун шаардагы 605 аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жана 395 ден соолугунан мүмкүнчүлүгү чектелген жарандарга таркатылды. Калган 80 тонна ун дагы аярлуу муктаж болгон үй-бүлөлөргө берилет. Демөөрчүлүк жардамдарды көрсөтүү үчүн мэрияда атайын эсеп ачылган. Бул эсепке мамлекеттик жана муниципалдык мекеме-ишканалар, жеке ишкерлер салымдарын кошуп жатат. Бүгүнкү күндө бул эсепке 4,3 млн. сом акча каражаты түшкөн.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 0,8 тонна хлор, 21013 даана беткап, 1697 л антисептик, 104 даана коргоо костюмдары, 212 даана кол каптар жана башка каражаттар берилди. "Элим барсынбы?" коомдук уюму аз камсыз болгон жарандарга, Кызыл Жарым Ай коому аз камсыз болгон улгайган жарандарга жана СПИД Борборуна, "Жаңы муун" коому онкологиялык оорулууларга жардам беришти.

Ош облусу:

Аймактардагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө колдоо көрсөтүлүүдө. КР мамлекетттик резервдер фондунан 620 тонна ун райондорго бөлүнүп, 12 400 үй-бүлөгө таркатылды.

Андан сырткары, облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары жеке ишкерлерден 148 000 тоннага жакын ун, 110.65 кг макарон, 78.275 л өсүмдүк майы, 3.598 кг күрүч, 4.1334 кг кумшекер, 2.949 кг эт, 1,9 т картошка берилди. Жалпысынан 33 мин 144 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 518 146 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 10.952 тонна хлор 223 233 даана беткап, 1.139 л антисептик, 3077 даана коргоо костюмдары, 377 708 даана кол каптар берилди.

Чүй облусу:

Облус боюнча муктаж үй бүлөлөргө жардам катары 84355тонна ун, 4436 кг макарон, 6409л өсүмдүк майы, 2558 кг күрүч, 5932 кг кумшекер, 1565 кг эт, 14748 кг картошка берилди. Жалпысынан 6111 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 10895 тонна хлор 1915 даана беткап, 585 антисептик, 38 даана коргоо костюмдары, 700 даана кол каптар берилди.

Жалал-Абад облусу:

Жалал-Абад облусу боюнча район, шаарлар жана жеке ишкерлер тарабынан жалпысынан-596,74 т ун, макарон - 8 063 кг азыктары, 37199 л өсүмдүк майы, 11549 кг күрүч, 4 501 кг кумшекер, 561 кг эт, 3 849 кг картошка жана 7.824.481 сом финансылык жардам көрсөтүлдү.

Райондор боюнча - Аксы районунда-143 т, Сузак районунда-198 т, Базар-Коргон районунда- 83 т, Чаткал районунда - 68т, Таш-Көмүр шаарында -14 тонна ун гуманитардык жардам катары берилди. Аксы районунда 664 л, Базар-Коргон районунда 6363 л, Сузак районунда 18407 л, Чаткал районунда 5066 л, Ноокен районунда 1282 л өсүмдүк майы гуманитардык жардам катары берилди.

Аксы району боюнча Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, тоголок жана жетим, багаар- көрөөрү жок 2881 үй-бүлөгө жана 21 медицина кызматкерлерине азык- түлүк берилди. Сузак району боюнча Улуу Ата-Мекендик согуштун катышуучуларына, тоголок жана жетим, багаар көрөөрү жок 9047 үй-бүлөлөргө азык түлүк жардам катары берилди.

Облус боюнча 13536 үй-бүлөлөргө гуманитардык жардамдар берилген. ​Ошону менен биргеликте 13792 кг. хлор, 18759 даана маска(бет кап), 1056 даана коргоо костюмдары, 127643 даана кол кап, 498 даана атайын көз айнетер, 3643 л. антисептиктер, 1030 даана тепловизор жана термометр, 13 даана хлор чачуучу аппарат, 2 даана тез жардам автоунаасы берилген.

Баткен облусу:

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 499,4 тонна ун, 12601 кг макарон, 23500 л өсүмдүк майы, 2036 кг күрүч, 3170 кг кумшекер, 1451 кг эт, 2315 кг картошка берилди. Жалпысынан 8427 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста финансылык жардамдын жалпы суммасы 3 млн 348 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 5,9 тонна хлор, 92563 даана беткап, 1843 л антисептик, 1565 даана коргоо костюмдары, 12126 даана кол каптар берилди. Баткен шаарында Ас-Сафа Коомдук Фонду тарабынан жүз аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө 100 кап ун, 500 литр өсүмдүк май, 500 кг кум шекер берилди.

Ысык-Көл облусу:

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 518.97 тонна ун, 20.95 кг макарон, 19.12 л өсүмдүк майы, 1103.36 кг күрүч, 6601.71 кг кумшекер, 715,0 кг эт, 7154.0 кг картошка берилди. Жалпысынан 13048 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 969 миң 220 сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 578.65 тонна хлор 77270.0 даана беткап, 20.38 л антисептик, 1214.0 даана коргоо костюмдары, 161298. даана кол каптар, 123 даана тепловизор, термометр, 358 атайын көз айнектер берилди.

Нарын облусу:

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 197 тонна 649 кг ун, 3 тонна 862 кг макарон, 8 тонна 788 л өсүмдүк майы, 1 тонна 109 кг күрүч, 4 тонна 253 кг кумшекер, 556 кг эт, 67 кг чай берилди. Жалпысынан 2562 үй-бүлөгө жардам берилди.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 1 тонна 590 кг хлор, 91 348 даана беткап, 1914 л антисептик, 10 150 даана кол каптар берилди.

Талас облусу:

Облус боюнча муктаж үй- бүлөлөргө жардам катары 73 тонна 850 кг ун, 2 тонна 100 кг макарон, 850 л өсүмдүк майы, 5 тонна 675 кг күрүч, 100 даана чай жана 500 кг кумшекер таркатылып берилди. Жалпысынан 1988 үй-бүлөгө жардам берилди. Облуста чогулган финансылык жардамдын жалпы суммасы 6 млн. 304,6 миң сомду түздү.

Гуманитардык жардамдар медициналык каражат түрүндө 6 тонна 744 кг хлор 65180 даана беткап, 1403 л антисептик, 670 даана коргоо костюмдары, 3705 даана кол каптар берилди. Айыл банктын эмгек жамаатынан 5000 сомго муктаж үй-бүлөгө жардам берилди.

Пикир

Оставить комментарий