• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калпак кийген иттин кожоюнун жана сынактын уюштуруучуларын жоопко тартууну сурашууда

Коом 0

Бишкек, 25.12.17. /Тумара Туратбекова – Кабар/. Dog’s fashion show сынагынын уюштуруучуларын жана итке улуттук баш кийим – ак калпакты кийгизген кожоюнун жоопкерчиликке тартууну сурашууда.

Режиссер Ырысбек Жабиров өзүнүн фейсбук баракчасында КР Башкы прокурору Индира Жолдубаевага жана Ички иштер министри Улан Исраиловго кайрылып, аларды жоопко тартууну суранган.

“Итке ак калпак кийгизгендерди жана аны сахнага алып чыккандарды жоопкерчиликке тартууну суранам. Уюуштуруучулар кечирим суроо менен гана чектелбеши керек”,-деп жазган ал.

Эске сала кетсек, 22-декабрда Bishkek Park соода борборунда иттердин Dog’s fashion show аталыштагы көргөзмөсү өткөн. Иш-чара аяктагандан соң интернет түйүндөрүндө сүрөттөр жарыяланып, алардын арасында ак калпак кийген иттин сүрөтү да болгон. Интернет колдонуучулар ага кескин сын коюшту.

Пикир

Оставить комментарий