• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калың кардан өлгөн малдар: Жалпы чыгым 20 млн. сомдон ашты

Коом 0

Бишкек, 30.05.18. /Кабар/. Үстүбүздөгү жылдын 23-24-май күндөрү Ысык-Көл облусунун аймактарынын жайыттарында кар калың жаап, катуу шамалдын кесепетинен жайлоодогу мал жандыктар өлгөн.

ӨКМден кабарлашкандай, материалдык чыгымды аныктоо боюнча Жарандык коргонуу комиссиясынын отуруму өткөрүлүп, төмөндөгүдөй жыйынтык чыгарылып, актысы түзүлгөн:

Ысык-Көл району боюнча:

- кой – 2941 баш (10 587 600 сом);

- уй – 87 баш (2 610 000 сом);

- жылкы – 111 баш (4 440 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 17 637 600 сомду түзгөн.

Ак-Суу району боюнча:

- кой – 139 баш (692 000 сом);

- уй – 4 баш (80 000 сом);

- жылкы – 7 баш (295 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 067 000 сомду түзгөн.

Түп району боюнча:

- кой – 59 баш (236 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 236 000 сомду түзгөн.

Тоң району боюнча:

- кой – 240 баш (1 042 013 сом)

- уй –7 баш (280 000 сом)

- жылкы – 1 баш (65 000 сом)

Жалпы район боюнча келтирилген материалдык чыгым 1 387 080 сомду түзгөн.

Ысык-Көл облусу боюнча:

- кой – 3379 баш (12 557 613 сом);

- уй –98 баш (2 970 000 сом);

- жылкы – 119 баш (4 800 000 сом).

Жалпы облус боюнча келтирилген материалдык чыгым болжол менен 20 327 680 сомду түзгөн.

Пикир

Оставить комментарий