• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калың карга байланыштуу Стамбул – Бишкек багытындагы бир катар каттамдар токтотулду

Коом 0

Бишкек, 26.01.22. /Кабар/. Түркияда катуу бороон-чапкын жана калың кардын жаашы күтүлгөн шашылыш эскертүүдөн улам «Turkish Airlines» жана «Pegasus» авиакомпаниялары Стамбул – Бишкек багытындагы бир катар каттамдарды жылдырышты. Бул тууралуу Кыргызстандын Стамбулдагы башкы консулдугунан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, учурда авиакомпаниялар жүргүнчүлөрдүн кайрылуусу боюнча тамактанууну жана убактылуу жайгашууну уюштурууда. Расмий маалыматка ылайык, аба ырайы калыбына келгенде каттамдар жандандырылып, жүргүнчүлөр учак билеттер менен камсыз кылынат.

«Башкы консулдуктун кызматкерлери Стамбул эл аралык аэропортундагы КР жарандарына колдон келген жардамдарын көрсөтүп, авиакомпания тарабынан тамак уюштурулушун жана аба каттамдардын кайра жанданышы тууралуу билдирүүлөрдү өз убагында маалымат берилүүсүн көзөмөлгө алууда.

Өзгөчө кырдаал учурунда мекендештерибиз төмөнкү телефон номери менен байланышса болот: +90-535-107-72-12», - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий