• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калы Сулайманов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды

Спорт 0


Бишкек, 15.12.20. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандык балбан Калы Сулайманов грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда коло медаль тагынды. Бул тууралуу Дүйнөлүк күрөш уюмунун сайтында айтылат.

Мелдеш 12-18-декабрда Белград шаарында (Сербия) өтүүдө.

Сулайманов 63 кг салмакта катышып, коло үчүн беттеште азербайжандык Тали Мамедовду 7:6 эсебинде жеңип алды. Буга чейинки кармаштарында кыргызстандык балбан россиялык, армениялык жана румыниялык спортчуларды уткан.

Эскерте кетсек, Кыргызстандык балбан Жоломан Шаршенбеков (60кг) грек-рим күрөшү боюнча Дүйнө кубогунда алтын медалга ээ болгон. Ошондой эле Руслан Царев 72 кг салмакта коло медалды уткан.

Пикир

Оставить комментарий