• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет

Маданият 0

Бишкек, 25.09.19. /Кабар/. СССРдин эл артисти, композитор жана дирижёр Калый Молдобасановдун 90 жылдыгы белгиленет.

Маданият, маалымат жана туризм министрлигинен кабарлашкандай, мааракелик иш-чара 28-сентябрда саат 14:00дө Улуттук филармонияда өтөт.

"Ошол эле күнү саат 11:00дө министр Азамат Жаманкулов жана министрликке караштуу маданият мекемелеринин жетекчилери, кесиптештери, туугандарынын катышуусу менен Ала – Арча көрүстөнүндө маркумдун эстелигине гүл чамбар коюлуп, куран окутулат", - деп кошумчалашты министрликтен.

Калый Молдобасанов 1929-жылы Нарын облусуна караштуу Ак-Талаа районунун Терек айылында туулган.

1946-жылы М. Күреңкеев атындагы музыкалык-хореографиялык окуу жайын, 1954-жылы Чайковский атындагы Москва консерваториясынын улуттук бөлүмүн, 1973-жылы Кыргыз мамлекеттик искусство институтун бүтүргөн.

Ал 12 жашынан эл аспаптар оркестрине катышып, анын жетекчиси Петр Шубинден таалим алган. 1954-1972-жылдары Кыргыз опера жана балет театрында дирижёр, башкы дирижёр болуп эмгектенген.

1973-жылдан Кыргыз мамлекеттик искусство институтунда композиция классы боюнча мугалим жана Кыргызстан композиторлор союзунун төрагасынын орун басары, 1979-96-жылдары анын төрагасы, ошол эле мезгилде 1983-1986-жылдары Б.Бейшеналиева атындагы Кыргыз мамлекеттик искусство институтунун ректору, 1996-жылдан Кыргыз мамлекеттик академиясы опера жана балет театрынын башкы дирижёру жана көркөм жетекчиси болуп эмгектенген.

Калый Молдобасанов 2006-жылы 77 жаш курагында дүйнөдөн кайткан.

Пикир

Оставить комментарий