• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Калыс-Ордо конушундагы мектепти курууда 95 млн сом зыян келтирилген – УКМК

Коом 0

Бишкек, 09.01.19 /Кабар/. Бишкек шаарынын Калыс-Ордо жаңы конушундагы мектепти курууда мамлекетке 95 млн сом зыян келтирилген. Окуу имаратынын курулушундагы коррупциялык иш боюнча иликтөө аяктады.

Улуттук коопсуздук боюнча комитетинин маалыматы боюнча, Бишкек шаарынын мурдагы мэрлери Кубанычбек Кулматов жана Албек Ибраимов, шаардык капиталдык курулуштун жетекчиси С.О. жана курулушка катышкан жеке компаниялардын жетекчилери К.Ш . жана С.А. "Коррупция" беренеси боюнча айыпталууда.

Мектептин курулушу көптөгөн мыйзам бузуулар менен коштолуп, проекттик-сметалык документтери жок, куруучу фирманы тандоодо тендер өткөрүлгөн эмес жана бөлүнгөн акча мыйзам бузуу менен которулган.

660 окуучуга ылайыкташтырылган мектепти куруу үчүн кытайлык ТВЕА компаниясы тарабынан гранттык түрдө бөлүнгөн 2 млн доллар жана шаардык бюджеттен каралган 114 млн сом сарпталган.

Ал эми Өкмөт 2 млн долларга аймактарда 1000 окуучуга ылайыкташтырылган эки мектепти курууну пландаштырып жаткан.

Иликтөөнүн жыйынтыгында, мамлекеттик бюджетке 95 млн сом зыян келтирилгени аныкталган.

Пикир

Оставить комментарий