• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Калысбек Жумаканов: «Биздин веткызматыбыз ЕАЭБдин талаптарына жооп берет, бирок Казакстан веткөзөмөлдү албай жатат»

Аналитика 0

Жыл башында биздин өкмөт менен ишкерлерибиз коңшу өлкө аркылуу кыргыз эт, сүт азыктарын автомобиль жолу менен транзитке казак тарап тыюу салганы тууралуу маалыматка нааразы болушкан эле. Кийин биздин товарларды ташуу мурдагыдай режимде калгандыгы белгилүү болгон. Ага кошумча товарлардын түрлөрү көбөйгөн. Тыюу салуу чын эле болгонбу, себеби эмнеде, жана башка жагдайлар тууралуу “Кабар” агенттиги КР Өкмөтүнө караштуу Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча маминспекциянын директору Калысбек Жумаканов менен эксклюзивдүү маек уюштурду.

- Калысбек Туратбекович, айтыңызчы, чын эле коңшу өлкө аркылуу кыргыз эт, сүт азыктарын автомобиль жолу менен транзитке казак тарап тыюу салганбы, же?..

- Ооба, чындыгында эле өткөн жылдын 31-декабрында электрондук почто аркылуу бизге Казакстандын Айыл чарба министринин орун басары Гүлмира Исаеванын атынан коңшу өлкө аркылуу кыргыз эт, сүт азыктарын автомобиль жолу менен транзитке казак тарап тыюу салгандыгын, транзитке темир жолу менен гана уруксат бериле тургандыгын билдирген кат келген. Мында казак тарап анын себебин да көрсөткөн эмес. ЕАЭБдин шарттары боюнча транзит Биримдикке мүчө бардык өлкөлөр аркылуу тоскоолдуксуз ишке ашырылышы керек, ал эми алигидей бир тараптуу чечим ЕАЭБдин шарттарына каршы келет. Мына ушундай мүнөздөгү катты казак тарапка жибергенбиз. Кийинчерээк Казакстандын Айыл чарба министри Аскар Мырзакеримовдун атынан 1-катта айтылгандар туура эместигин тактаган кат келген. Анда Кыргызстандын толварларынын 86 түрүнө транзитке уруксат берилгени, алардын 40ы автомобиль, 46сы темир жол транзити экени белгиленген. Транзит токтогон жок, товарлар тоскоолдуксуз ташылууда.

-Казакстан бүгүнкү күнгө чейин чек арадагы ветеринардык-санитардык көзөмөлдү албай жатат. Мындан тышкары 2016-жылдын 26-декабрында Санк-Петербургда ЕЭКнын Жогорку Кеңешинин жыйынында көзөмөлдү калтыруу чечимин кабыл алган болчу. Коңшу өлкөнүн көзөмөлдү албай жаткандыгынын себеби эмнеде?

-Казакстандын ветеринардык-санитардык көзөмөлдү албай жаткандыгына эч кандай себеп жок. Декабрда Кыргызстанга ЕАЭБнын инспекциясы келип, текшерүү жүргүзүшүп, оң баасын берип кетишкен. Санк-Петербургдагы жыйында Казакстандан тышкары бардык өлкөлөр биздин веткызматыбызды колдошту. Эмнегедир Казакстан гана каршы болуп жатат. Биз жыл бою казак-кыргыз чек арасынан көзөмөлдү алуу жаатында иш жүргүздүк, бирок жыл аягында алар каршы болушту. Муну менен биздин веткызматтарыбыз талаптарга жооп бербейт деп айтууга болбойт. Быйыл Эл аралык Эпизоотикалык Бюронун адистери келишип, биздин веткызматыбызды текшеришип, 46 позиция боюнча 2ден 4кө чейинки орточо бааларды коюшту. 4 же 5 баллдык бааларды өнүккөн Европа өлкөлөрү да ала алышпайт. ЕАЭБдин бириккен комиссиясы да декабрда бизге жакшы баасын берип кетишкен. Келечекте да көрсөткүчтөрүбүздү жакшырта беребиз.

-Кыргызстан ЕАЭБге кирерде рынокко каныгуу үчүн алгачкы этаптарда биздин өлкөгө көмөк көрсөтүү шарттары болгон. Тактап айтканда союздаштардын эсебинен фитосанитардык лабораториялар курулушу керек эле. Алар эмне болду?

-Биз Россиядан гана 1 млн 800 миң АКШ доллары суммасында жабдык түрүндө гана жардам алдык. Бул 1-этап. 2-этаптын быйыл ишке ашышы пландалууда. Булар жабдык түрүндө гана жардам, калганын биз өзүбүздүн күчүбүз менен куруудабыз. Жалпысынын жакынкы жылдары 4 жаңы лабораторияны куруп, 13үн калыбына келтиребиз. Учурда Бишкекте жана Ошто иштеп жаткан 2 лаборатория ЕАЭБдин талаптарына толук жооп берет. Казакстан да жардам берүү демилгесин колдогон, бирок азырынча эч кандай жардам бере элек.

-Казакстан биздин рынокту жакшы өздөштүрүп алды. Бирок, коңшу өлкөнүн товарлары бардык стандартка жооп берет деп айтууга болбойт. Коопсуздукту туудурган аткезчилик товарлардын да келип жаткан фактылары бар. Айтсаңыз, дегеле Казакстандын өздөрүнүн товарлары бардык талаптарга жооп береби?

-Белгилүү бир товарларга тыюу салуу процесси бардык жерде болот. Мисалы, учурда дерматиттин күчөшүнөн улам казактардын тоок этине тыюу салынган. Ошондой эле, африка чумасына байланыштуу Россиянын бир катар облустарына чочко этине тыюу салынган. Кыргызстанга алынып келинген бир топ жүктөрдү кайра артына жөнөтүүгө туура келет. Мисалы, Кытайдан келген 1 тоннадан ашык сапатсыз этти кайра артына жөнөттүк. Бул жаатта биздин веткызматыбыз тыкыр иштейт. Өлкөбүзгө ар кандай инфекцияларды, ооруларды алып келе турган шектүү азыктардын өтүп кетишине жол бербешибиз керек.

- Калысбек Туратбекович, эми өлкө ичиндеги көйгөйлөргө көңүл бурсак. Өткөн жылдын аягында базарларда өлгөн малдын этин сатуу фактысы ачыкталган. Мындан тышкары, башкалаанын коомдук тамактануу жайларында колдонулган эттин сапаты да күмөн туудурат. Бул көйгөйлөр менен кандайча күрөшүп жатасыздар?

-Базарга түшкөн ар бир эт биздин ветеринарлардын текшерүүсүнөн өтөт. Ал эми өлгөн малдын эти стихиялуу түрдө базарлардын сыртынан сатылып кетүүдө. Биз аларга да каршы күрөшүп жатабыз. Бул үчүн биздин кызматкерлерди сабап кетишкен учурлар да болгон. Башаламан соода жүргөн жерлерди көзөмөлдөөнү, жабууну өтүнүп, мэрияга, милицияга бир нече мертебе кайрылганбыз. Ошондой эле, Кеминге, Чычкан капчыгайына, Сосновкага күзөт коюуну суранганбыз. Андай шектүү жүктөр негизинен коомдук транспорттор, автобустар менен ташылууда. Учурда ведомстволор аралык жумушчу топ түзүлдү. Алгачкы натыйжа бар. Мындай көйгөйлөрдү комплекстүү карап чечүү керек.

-Малды идентификациялоо процесси кандай жүрүүдө?

- Малды идентификациялоо процесси пилоттук процесс катары өткөн жылдын 22-апрелинде башталган. Андан бери бир канча комплекстүү иштер аткарылды. Ырас көйгөйлүү маселелер да болду. Мисалы, биркаларды сатып алууга 25 компания катышып, бирөө жеңди. Калганы нааразы болушту, айрымдары соттошуп да жүрүштү. Мунун малды идентификациялоо ишине таасири тийди. Ага карабай график боюнча алга жылып жатабыз. Биз малды идентификациялоодо бир дагы штаттык жумуш ордун түзгөн жокпуз, бюджет каражатын чыгымдабадык. Бул ишке жеке ветеринарларды тартып, аларга бардык шарттарды түзүп, жоопкерчиликти жүктөдүк. Ар бирин смартфон, ноутбук менен камсыздадык. Маалымат базасы учурда Францияда, француз эксперттеринде турат. Биз алар менен тыгыз байланыштабыз. Биздин адистерибиз каныгып, даяр болору менен маалымат базасын Кыргызстанга алып келебиз.

Бир малды идентификациялоо фермерге 70-80 сомго турат, анын ичине ветеринардын кызмат акысы да кирет. Быйыл биринчи жарым жылдыкта уйларды идентификациялоону аякташыбыз керек. Андан ары жыл аягына чейин калган мал идентификацияланып, жумуштун чоң бөлүгү бүтөт.

-Жеке ветеринарлардын ишинин сапатына кантип көзөмөл жүргүзөсүздөр?

- Жеке ветеринарларды ишке алардан мурда атайын тест түздүк. Тесттен өткөн ветеринар гана сертификат алып, иштей алат. Жеке ветеринарларга жоопкерчилик жүктөө менен биз бюджет каражатын үнөмдөдүк. Аларды жеке нотариустарга салыштырууга болот. Алар мамлекеттик чоң иштерди аткарышып, ошол эле учурда бюджетке да акча которуп жатышат.

Сөз аягында Калысбек Жумаканов быйыл ведомство малды идентификациялоо процессин аяктоону пландап жатканын жана казак тарап менен ветеринардык-санитардык көзөмөлдү алууга жетишүүгө үмүт артып турганын белгиледи.

Маектешкен Аман Алымбеков,
«Кабар» маалымат агенттиги

Пикир

Оставить комментарий