• 88.91
  • 94.75
  • 0.95

Калысбек Жумаканов: Кыргызстандын оорулар боюнча эпизоотикалык абалы туруктуу

Коом 0

Бишкек, 25.10.18. /Кабар/. Кыргызстандын чек арадан тышкары оорулар боюнча эпизоотикалык абалы туруктуу. Бул тууралуу “Кабар” агенттигинде өткөн маалымат жыйынында Ветеринардык жана фитосанитардык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциянын директору Калысбек Жумаканов билдирди.

Анын айтымында, мындай абал өндүрүштүн экспорту үчүн шарттарды түзөт.

“Бул оорулар келгин куштар, унаалар жана жадакалса адамдар аркылуу жугат. Андан сырткары эки жылдан бери чечек, кара тумоо, шарп, Африка чумасы боюнча абал туруктуу”, - деди ал жана бул өлкөнүн экспорттук потенциалын жакшыртуу үчүн шарттардын бири экенин белгиледи.

Жумакановдун айтымында, экинчи шарт лаборатория менен өлчөнгөн өндүрүштүн сапаты болуп саналат.

“Биздин өлкөбүздө 19 лаборатория бар. Алардын экөө улуттук. Алар Ош жана Бишкек шаарларында жайгашкан”, - деп кошумчалады ал.

Пикир

Оставить комментарий