• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Камбар-Ата-1 ГЭС байланыштуу маселелер чечилмейинче, чек ара көйгөйлөрүнүн чечилиши кыйын – депутат

Коом 0

Бишкек. 24.04.19 /Кабар/. Сиз Кыргызстандын жүк ташуучу унааларын чек арадан өткөрбөй жатканына карабастан, Өкмөт өз милдетин аткарганын айттыӊыз. Бирок, Камбар-Ата-1 жана Камбар-Ата-2 ГЭСтерине байланыштуу маселелер биржаӊсыл чечилмейинче, чек ара маселелери 30 жылда да чечилбей турганын эстен чыгарбашыбыз керек. Мунун төркүнүн түшүнүп жаткан чыгарсыз, ушул багытта кандай аракеттер жасалууда? Депутат Умбеталы Кыдыралиев Жогорку Кеӊеште Өкмөттүн 2018-жылдагы иши жөнүндө отчет угулуп жатканда премьер-министрге ушундай собол салды.

Премьер-министр Евразия өнүктүрүү банкы Камбар-Ата-2 ГЭСинин 2-агрегатына 110 млн доллар бөлө турганын билдирди. “Бул жабдуу орнотулса, анын кубаттуулугу 240 МВт-га жетет. Ал эми Камбар-Ата-1 ГЭСи курулса, анын кубаттуулугу 1800 МВт болот. Бул энергетика тармагындагы эӊ ири долбоор болуп саналат. Ал үчүн 3,5-5 млрд доллар каражат керек. Азырынча андан башка даяр долбоорлор жок. Ошондон улам, биз Энергетика институтун бутуна тургузуп, адистерди тартуу аракетин көрүшүбүз керек», - деди Мухаммедкалый Абылгазиев.

Депутат өкмөт башын өлкөнүн энергетика тармагында орун алган көйгөйлөрдү иликтеп чыгып, иштиктүү аракеттерге өтүүгө чакырды. “Азия өнүктүрүү банкы бул долбоорду каржылай баштоого даяр. Өзүӊүз жакшы билесиз, суунун дагы экономикалык наркы бар. Коӊшу Өзбекстан менен Казакстан чейрек кылымдан бери бекер суунун эсебинен өз калкынын жаӊы муунун өстүрүп келет. Мындай жосунду токтотуш керек, алар деле суунун ордуна газ менен нефтисин акысыз беришсин”, - деп жыйынтыктады өзсөзүн эл өкүлү.

Пикир

Оставить комментарий