• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу боюнча франциялык компания менен сүйлөшүүлөр жүргүзүлдү

Өкмөт 0

Бишкек, 05.03.23./Кабар/. Президенттин администрациясынын президенттин жана министрлер кабинетинин чечимдерин даярдоо боюнча башкармалыгынын начальниги Айбек Жунушалиевдин Улуу Британия жана Түндүк Ирландия Бириккен Королдугуна болгон жумуш сапарынын алкагында Франциянын “EDF Energy” энергетикалык компаниясынын өкүлдөрү менен Камбар-Ата-1 ГЭСин курулушунун аймактык долбоору үчүн кызматташуу мүмкүнчүлүгү боюнча сүйлөшүү жүргүздү.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматынан билдиргендей, сүйлөшүүлөр президент Садыр Жапаровдун “EDF Energy”компаниясынын жетекчиси Беатрис Бюффон менен 2022-жылдын ноябрында Бишкек шаарында өткөн жолугушуусунун жыйынтыктарын ишке ашыруунун алкагында өттү.

Тараптар бул долбоорду ишке ашырууда компаниянын өзүнөн жана башка потенциалдуу инвесторлордон ошондой эле, эл аралык каржы институттарынан кызматташуунун жана инвестицияларды тартуунун мүмкүн болгон варианттарын талкуулашты.

Долбоорду ишке ашыруунун каржылык аспектилерин жана кызматташуу шарттарын мындан ары талкуулоо, ошондой эле Бишкекте бир катар кошумча кеңешмелерди өткөрүү боюнча макулдашууга жетишилди.

Маалымат үчүн: Франциянын мамлекеттик “EDF Energy” компаниясы жалпы кубаттуулугу 20,1 миң МВт болгон гидроэлектростанцияларга ээ жана ГЭСтерди курууда жана башкарууда эл аралык чоң тажырыйбасы бар. Компания Бельгияда, АКШда, Польшада, Италияда, Кытайда, Вьетнамда жана дүйнөнүн башка өлкөлөрүндө бар. “EDF Energy” ошондой эле Улуу Британия боюнча электр энергиясын жана жаратылыш газын өндүрүүнү жана сатууну камтыйт.

Пикир

Оставить комментарий