• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

“Камбар-Ата-1” ГЭСине инвесторлор келбесе, аны өзүбүз курабыз — энергетика министри

Экономика 0

Бишкек, 15.11.21. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. “Камбар-Ата-1” ГЭСин курууга Түркиянын дагы ишкерлери кызыгууда, бирок өлкөдө туруктуулук керек. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев “Азаттыкка” берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, аталган ГЭСти курууга Кыргызстандын мүмкүнчүлүгү жетет.

“"Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстанга генерация түрүндө керек, ал эми суу Казакстан менен Өзбекстанга бизге караганда көбүрөөк керек. Ошону үчүн Камбар-Ата ГЭСин курушубуз керек. Эгерде азыр келип жаткан инвесторлор менен сүйлөшүп, бир тилге келбесек, анда аны улуттук долбоор деп келечекте өзүбүз курабыз”, - дейт ал.

Бекмурзаев кайсы өлкөнүн инвестору Кыргызстанга келип, ГЭС куруп баштаса, ал менен иштеп кете берерин кошумчалады.

“Учурда Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Россия жана Кытай менен “Камбар-Ата-1” боюнча байма-бай талкуу жүрүп жатат. Кыштан аман-эсен чыксак, ГЭСтин салышына биринчи кадамдар ташталат”, - деп айтты министр.

Пикир

Оставить комментарий