• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү — Жапаров

Экономика 0

Бишкек, 07.06.22. /Кабар/. Учурда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Бул тууралуу "Миграция жана өнүктүрүү: перспективалар жана жаңы мүмкүнчүлүктөр" форумунда министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров билдирди

Анын айтымында, эртең, 8-июнда Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна старт берилет.

“Учурда курулуш иштерине бюджеттен 18,8 млн доллар бөлүндү. Биринчи этап 3-5 жылды талап кылат. Беш жылдан кийин 640 мегаватт кубаттулугунда ГЭСтин курулушу башталат”, - дейт ал.

Буга чейин энергетика министри Доскул Бекмурзаев Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш иштерине даярдыктар толугу менен жүрүп жатканын айткан.

Эскерте кетсек, Камбар-Ата-1 ГЭСи 1860 МВт кубаттуулукта болуп, жылына 5 млрд кВт саат электр энергиясын өндүрөт. Алдын ала баалоо боюнча, ГЭСтин плотинасынын бийиктиги 256 метрди түзүп, 5,5 млрд кубдан ашуун көлөмдө суу чогулта алат.

Пикир

Оставить комментарий