• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштерине кошумча 1,5 млрд сом бөлүнөт

Президент 0

Бишкек, 08.06.22. /Адил Төлөгөнов - Кабар/. Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров бүгүн, 8-июнда, Жалал-Абад облусундагы Камбар-Ата ГЭС-1 курулушунун башталышына старт берди.

Президенттин айтуусуна караганда, бүгүнкү күнгө чейин жүргүзүлгөн изилдөө, техникалык-экономикалык негиздеме жана башка жумуштардын аткарылышына 412,8 млн сом бөлүнгөн.

“Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушуна даярдык көрүү иштерин өз күчүбүз менен баштоо максатында республикалык бюджет кайра каралып, болжол менен 1,5 млрд сомду бөлүүнү чечтик. Ал каражат ГЭСке баруучу транспорттук тоннель, Нарын дарыясынын эки жээгин бириктирүүчү көпүрө, жогорку чыгалуудагы электр чубалгыларын алууга, автожолдорду жана жумушчулар жашай турган шаарча курууга жумшалат”, - деди президент.

Маалымат үчүн: “Камбар-Ата-1 ГЭС куруу” долбоору Камбарата ГЭС каскадынын курамындагы эң ири энергетикалык объект болуп саналат, ал бийиктиги 256 м аска таш менен төшөлгөн, чоподон жасалган өзөгү менен курулган тосмонун жана орнотуу кубаттуулугу 1860 МВттык, коп жылдык энергия иштеп чыгуусу 5,6 млрд кВт/саатты тузгон, сыйымдуулугу 5,4 млрд м³ суу сактагычы бар ГЭСти курууну камтыйт.

Курулуштун мөөнөтү 8 жылдан 10 жылга чейин. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын ишке киргизүү - туруктуу каржылоо болгон шартта төрт жыл.

Пикир

Оставить комментарий