• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

“Камбар-Ата-1” ГЭСинин биринчи агрегатын 2028-жылы эксплуатацияга берүү пландалууда — Бекмурзаев

Коом 0

Бишкек, 08.06.22. /Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСинин жалпы курулуш иштери 8-10 жылдык убакыттын ичинде бүтөт. Бул тууралуу энергетика министри Доскул Бекмурзаев өзүнүн Facebook`тагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу маселеси совет убагында эле көтөрүлүп келген. Андан кийинки Кыргызстандагы электр энергиясына суроо-талаптын өсүшү анын курулушуна болгон муктаждыкты дагы да жогорулаткан.

"Өлкө бийлиги бул энергетикалык коопсуздукту ишке ашыруу милдетин алдыга койду. Бул иш өз кезегинде Кыргызстандын экономикалык жактан гүлдөп өнүгүшүнө, жылы бою калкты үзгүлтүксүз электр энергиясы менен камсыздоого жана ошондой эле эл аралык CASA-1000 долбоорунун алкагында өлкөнүн экспорттук потенциалы жогорулатууга өбөлгө түзөт. Бул себептерден улам Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулушу бүгүнкү күндөрдө да актуалдуулугун жоготпой келет. Энергетика министрлиги өлкө бийлиги койгон милдетти ишке ашырууга киришти.

Азыркы учурда гидро электр станциясынын курулушунда кызматкерлер колдоно турчу объектилер салынып жатат. Бул процесстерге эки жылдай убакыт сарпталат. ГЭСтин биринчи гидроагрегатын 2028-жылга карата эксплуатацияга берүү пландалууда. Ал эми жалпы курулуш иштери 8-10 жылдык убакыттын ичинде бүтөт", - деп жазган министр.

Бекмурзаев Курула турчу гидро электр станция Камбар-Ата ГЭСтер каскадындагы эң ири энергетикалык объектилердин бири болорун кошумчалады. Болжолдуу эсептөөлөр боюнча анын кубаттуулугу 1860 мегаватт болуп, жылына 5,6 миллиард киловатт-саат электр энергиясын иштеп чыгарып турат. Плотинанын узундугу 256 метр, ал эми топтолгон суунун көлөмү - 5,4 миллиард куб метрге жетет.

"Кыргызстан үчүн маанилүү болгон бул долбоорго катышып жаткан адамдардын баарына ийгилик каалайм! Соңку жылы энергетиктерибиз өз адискөйлүгүн көрсөтө алышты. Биргеликте биз алдыга койгон максаттардын баарына жете алабыз!", - деди ал.

Пикир

Оставить комментарий