• 88.85
  • 94.81
  • 0.95

Камбар-Ата-1 курулушу боюнча олуттуу инвесторлор бар - Зилалиев

Коом 0

Бишкек, 18.09.17 /Мехриниса Сулайманова – Кабар/. Камбар-Ата-1 ГЭСнин курулушу боюнча тектоникалык жылыш бар, олуттуу инвесторлор табылды. Бул тууралуу журналисттерге вице-премьер-министр Дүйшөнбек Зилалиев билдирди.

Анын айтымына караганда, Өзбекстан гидроэлектрстанциясынын курулушуна катышууга даяр, бул чоң жылыш.

“Абдан олуттуу компаниялар шарттары, үлүштөрү жана убактысы боюнча кызыга башташты. Болжол менен мындай болот, кыргыз тарап инвесторлор жана өзбек тарап катышат. Жада калса акыркылары акча каражаты менен келе тургандыктарын айтышты”,-деди ал.

Зилалиев кошумчалагандай, өзбек тарап тең инвестор болот. Бирок азырынча так конфигурация жок.

Пикир

Оставить комментарий