• 89.47
  • 96.43
  • 0.97

Камбар-Ата ГЭСин Кыргызстан менен Өзбекстан биргеликте курат – Мирзиеев

Саясат 0

Бишкек, 05.09.17. /Мехриниса Сулайманова - Кабар/. “Мен, досум, Кыргызстандын президенти Алмазбек Атамбаев менен болгон сүйлөшүүдөн канааттандым”, - деди Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев кыргыз-өзбек чек арасы боюнча келишимге кол койгондон кийин.

Анын айтымына караганда, бүгүнкү күндө эки тарап суу маселеси боюнча макулдашты, атап айтканда электростанциянын курулушу боюнча.

“Алмазбек Атамбаев мени ишендирип кеткендей, электростанциянын курулуш маселеси Өзбекстансыз көтөрүлбөйт. Биргеликте Камбар-Ата ГЭСин курабыз. Ал бизге керек, эгерде биз чындыгында эле эки тараптуу мамилени жанданткан болсок”,-деди ал.

Мирзиеев билдиргендей, ГЭСти кылдаттык менен ойлонуп, ал Кыргызстан менен Өзбекстанга бирдей пайдалуу боло турчудай кылып куруу керек.

Пикир

Оставить комментарий