• 88.85
  • 94.92
  • 0.96

Камчаткада аюу балдарга кол салып, бир өспүрүм каза болду

Дүйнө 0

Бишкек, 05.11.18 /Кабар/. Россиянын Камчатка аймагынын Мильковский районунда аюу өспүрүмдөргө кол салган, - деп билдирет РИА Новости.

Маалыматка ылайык, кырсык дүйшөмбү күнү болгон, эки өспүрүм суу сактагычтан үйүнө келе жатканда аюу аларга кол салган. Балдардын бирөө качканга үлгүрүп, жакын жашаган тургундарга окуя тууралуу кабар берген.

Окуя болгон жерге эки мергенчи келип, аюуну атып салышкан.

“Бул жырткыч адам өмүрүнө чоң коркунуч алып келет. Алар азырынча кышкы уйкуга кире элек, ошондуктан Камчатканын жашоочударын сак болууга чакырабыз”, - деп билдирген аталган облустун өкүлүнүн башчысынын орун басары Сергей Хабаров.

Пикир

Оставить комментарий