• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камчы Көлбаев тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды

Укук тартиби 0

Бишкек, 24.10.20. /Кабар/. Камчыбек Асанбек (Камчы Көлбаев) тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинен билдиришти.

“Сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында К. Асанбекке Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү же ага катышуу) боюнча айып тагылып, 23-октябрь күнү Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынды”, - деп айтылат маалыматта.

Пикир

Оставить комментарий