• 89.47
  • 96.56
  • 0.97

Камчы Көлбаевдин баш коргоо чарасы боюнча отурум жылдырылды. Отурумга Көлбаев алынып келген жок

Укук тартиби 0

Бишкек, 02.11.20. /Кабар/. Бишкек шаардык сотунда кримтөбөл Камчы Асанбектин (Камчы Көлбаев) баш коргоо чарасын кароо боюнча отурум болгон жок.

Өздүк булактар билдиргендей, айыпталуучу отурумга алынып келген эмес. Себеби аны алып келүү боюнча кайрылуу УКМКнын тергөө абагына келип түшкөн эмес. Отурум эртеңкиге жылдырылган.

Эскерте кетсек Камчы Көлбаев 21-октябрь күнү Бишкектеги фитнес-клубдардын биринде кармалган. Ал Жазык кодексинин 249-беренесинин 1-бөлүгү (Кылмыштуу топ түзүү жана ага катышуу) боюнча шектелүүдө. Биринчи май райондук сотунун чечими менен ал тергөө аяктаганга чейин УКМКнын тергөө абагына камакка алынган. Анын жактоочусу райондук соттун чечимине даттанып Бишкек шаардык сотуна кайрылган.

Пикир

Оставить комментарий