• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Аэропортто аны эл тосуп алган

Аймак 0


Бишкек, 18.02.21 /Кабар/. Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, мамлекеттик чек араны делимитация жана демаркациялоо боюнча комиссиянын башчысы Камчыбек Ташиев Баткен облусуна барды. Анын баткендиктер менен жолугушуусунун видеосу Ташиевдин телеграм-каналында жарыяланган.

Видеонун авторлору билдиргендей, УКМКнын төрагасын эл аэропорттон тосуп алган.

Эскерте кетсек, Камчыбек Ташиев бүгүн Германиядан учуп келип, дароо эле Баткен облусуна жөнөп кеткен. Германияда Ташиевдин жүрөгүнө операция жасалган.

Пикир

Оставить комментарий