• 89.02
  • 94.77
  • 0.95

Камчыбек Ташиев Баткенге барып, чек ара жаңжалынан жабыркагандардан кабар алды

Аймак 0

Бишкек, 15.09.22. /Кабар/. УКМК төрагасы Камчыбек Ташиев бүгүн, 15-сентябрда Баткен облусуна келди. Бул тууралуу президенттин Баткен облусундагы өкүлчүлүгүнүн басма сөз кызматынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, Баткен облусуна болгон иш сапарынын алкагында жалпыга маалымдоо каражатынын өкүлдөрүнө чек ара тилкесинде катталган окуя жана акыркы кырдаал боюнча маалымат берди.

Андан соң Лейлек аймактык ооруканасында дарыланып жаткан кыргыз-тажик чек ара тилкесинде болгон окуядан жабыркагандардан кабар алды.

Камчыбек Ташиев өз кезегинде жеринде тийиштүү тапшырмаларды берип, бейтаптардын саламаттыгын калыбына келтирүү үчүн зарыл болгон бардык чаралар ыкчам түрдө көрүлүшү керек экендигин айтты.

Белгилей кетсек, Лейлек аймактык ооруканасында жалпы 3 жаран дарыланууда. Экөөнүн абалы орто. Ал эми бир жаранга операция жасалды, дарыгерлердин айтуусу боюнча, абалы оор бойдон калууда.

Чек ара чырынан жабыркагандар дарыгерлердин көзөмөлүндө.

Эскерте кетсек, 14-сентябрда эртең менен кайрадан кыргыз-тажик чек арасында ок атылды.

УКМКнын Чек ара кызматы билдиргендей, Кыргызстандын чек ара кызматкерлери Баткендин Булак-Башы тилкесинде кызмат өтөп жаткан учурда Тажикстандын чек арачыларын байкашкан. Алар мурда түзүлгөн келишимдерди бузуп, такталбаган чек ара тилкесинде күжүрмөн позицияларды ээлешкен.

“Тажикстандык чек арачылар кыргыз тараптын тилкеден чыгып кетүү боюнча мыйзамдуу талаптарына баш ийбей, ок чыгарган. Жооп катары кыргызстандык чек арачылар дагы ок чыгарган. Ок атышууда тажик тарап миномет колдоно баштаган. Атышуудан эки кыргызстандык чек арачы жарадар болду”, - деп айтылат маалыматта.

Саат 14:00дө Баткендин Как-Сай жерлигинде Тажикстандын чек арачылары Кыргызстандын “Достук” чек ара заставасы көздөй ок чыгарышкан. Ок атышуу саат 14:40ка карата токтогон.

Саат 15:08де Баткендин Паскы-Арык жерлигиндеги “Самаркандек” чек ара заставасына тажикстандык чек арачылар ок чыгарды. Көп өтпөй атышуу токтогон. Бул аймактагы окуядан Кыргызстандын эки жай тургуну олуттуу жаракат алышкан.

Кыргызстан менен Тажикстандын чек ара өкүлдөрүнүн Төрт-Көчө жерлигинде болуп өткөн жолугушуусунун жыйынтыгында бир катар макулдашууларга жетишилди.

15-сентябрь саат 08:00гө карата мамлекеттик чек аранын кыргыз-тажик тилкесинде абал салыштырмалуу туруктуу.

Пикир

Оставить комментарий